ВИДЕО — Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Эрнис биринчи өзүн, анан Зайырды ырдап атат…»

ВИДЕО — Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Эрнис биринчи өзүн, анан Зайырды ырдап атат…»

Эстен кеткис эки дата…

Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовду 1-майда акыркы сапарга узатканбыз. Кош дегенге кол барбаса да, ооз барбаса да, ыйлап-сыздап, айла жок коштошконбуз… Бул алтын иним байым (Эрнис Асек уулу) каза болгон датада (29-апрелде) кан басымы түшүп кетип, ооруканадан көз жумуп, менин туулган күнүмдө 1-майда сөөгү жерге берилип, эки датаны эстен кеткис кылып өмүр бою жүрөккө кадап кетти! Аттиң арман…

«Эрнис, Элмирбек, Зайырбек» деп кайда болсо да оозунан түшүрбөй, алардын чыгармачылыгын, адамгерчилигин айтып, арман кылып келаткан Жазуучулар союзунун төрагасы, мыкты акын Нурлан Калыбеков эки жыл мурун Зайырдын коштошуу зыйнатында (1-майда) зээнди кейитип сүйлөп, өзү да ыйлап, бизди да ыйлаткан…

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Эрнис, Элмирбек, Зайырбек кетти… Кыйын болуп калат экен…»

Зайыр экөөбүз бир өрөөндүн, бир колоттун, бир сайдын баласы элек. Студент кезден экөөбүз чогуу жүрүп, студент кезден экөөбүз бирден шапалактай жетим китеп чыгарып, Жазуучулар Союзуна мүчө болуп, чогуу адабияттын астанасын аттап, чогуу жүргөн балдар элек. Зайырбек ыйы болобу, сыры болобу, кубанычы болобу мени менен бөлүшөөр эле, мен аны менен бөлүшөөр элем. Биз деле жаш болчубуз, 40тан өткөндөн кийин калчылдап калат экенсиң. Илгери обончу, группалашым Калмурат Рыскулов деген досубуз 30 жашында каза болгондо, жаштык менен кайгыны көтөрүп кетиппиз…

Акыркы бир жуманын ичинде эле Элмирбек, Зайырбек… андан үч ай мурун Эрнис Асек уулу деген мыкты котормочу, акын досубуз бар эле, ал дагы 50гө жетип-жетпей кетип калды. Кыйын болуп калат экен… Ошондуктан, үч кураманы жон терим менен сезгенимди айтайын. Ыр жазып жүргөн кагылайын инилерим, мен силерге айтаар элем, билем, акын деген сентименталдуу киши болот, баарын жүрөгү менен кабыл алат. Зайырдай болбогула, карачы, Зайыр “Элмир, Элмир” деп эле артынын күйүттүн артынан кетип калды…

Кайсы бир мамлекетте 4 сап ыр жазган кишини: “Сен мамлекетке, биздин элге керексиң” деп учетко алып коет экен деп уккам, Прибалтикада өлкөлөрүнүн бирөөсүндө. 20-30 жылдан бери калем кармап жүргөн балдар, биздин эч кимге керегибиз жок экен, көрдүңөр, көрүп атабыз. Тирүүндө келип, “Ай бала, эмне кылып жатасың? Чыгармаң кандай, эмне жазып жатасың? Тиричилигиң кандай?”,- деп эч ким сурабайт экен. Түшүнөм, дүйнө, байлык жыйгандарды, бирок, силердин байлык, бизнесиңер урук-тукумуңарга, бала-чакаңарга эле калат. Ал эми калем кармаган атуулдардын чыгармалары элге, улутка калат. Биз экономикабыз, саясатыбыз менен мактана албайбыз. Биз, чабал мамлекет болуп турсак дагы, биз, Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосу менен, адабият менен дүйнөгө тең ата боло алабыз. Акырында айтайын дегеним, калем кармаган балдар, кыздар өзүңөрдү сактагыла! Өзүбүздү сактабасак, бизди эч ким сактабайт!

…(Ыйлап) Эмне деп айтам, Заке, мен сага кантип топурак салам? Айла жок, айла жок…  Кош, Заке!

20 жыл сакталган ыр…

Алтын иним Зайыр: “Бул Эрнис байкенин өз колу тийген кагаз. Мага арнаган ыры” деп кубанып, Эрнистин “З.га” деп жазган 20 жыл мурунку ырын, сары кагазды 2019-жылы салды эле.

З.га

Келесиң караңгы көчө менен,

кемшейген жетим тамдар карашат карааныңды.

Билишпейт жетим тамдар, билишпейт жылдыз,

асман кай жакка бараарыңды.

Келесиң асман батпай көөдөнүңө,

ыйың батпай көздөрүңө,

ырың батпай сөздөрүңө,

сырың батпай…

Калсачы таңың атпай, күнүң батпай…

Жонуңда жокчулугуң, оюңда токчулугуң

туйлашып көкүрөктө жулмалашып.

Бирине-бири болуп азап кайгы,

жолдору турса дагы болуп айры…

Келесиң дарман калбай, арман калып.

Жан дилде адам калбайайласыз кадам калып,

Келесиң… келесиң Сен…

Акыр-чикир калдыгындай үйүп салчы мастыкты,

түбү терең түйүнчөктө түйүп салчы.

жаштыкты кетчи кезип, аалам кезип, жер кезип.

Эшилген кум — эрме чөлдүү, Эл кезип.

Кетчи, кетчи, кетчи Сен!

Дал ошондой даанышмандын турпатына жетчи Сен!

Жалгандын керемети, жашоонун дарамети

ошондо тизе бүгүп, ошондо тагдыр сага чөгөлөйттүр.

Көптү да эңсебеген, жакшыны тепсебеген

көңүлүң көкөлөйттүр…

Келесиң… келесиң сен…

Билемин бүт баарысын жеңесиң… жеңесиң сен!…

Эрнис АСЕК уулу. 1-март. 2000-жыл

Байымдын дал ушул ырын Нурлан ЭлТРге Эрнисти эскерүүгө барганда «КААЛГА» аттуу китебинен окуп берип, маани-маңызын түшүндүрүп берген. 32 мүнөттөн баштап көрсөңүздөр болот.

Эртең 29-апрелде, саат 11:00дө Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө Зайырбек Ажыматовдун бейитине эстелик тургузулуп, ачылышы болот! Асыл инимдин бейитине барып, эскерип, куран түшүрүп кетиңиздер!  Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Белгилүү акын, мугалим Рахат АМАНОВАнын эскерүүсү бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.