Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Женевада сүйлөгөн сөзү…

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Женевада сүйлөгөн сөзү…

Маалыматка жетүү, коомчулуктун чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу жана курчап турган чөйрөнү коргоо  (Орхус конвенциясы) маселелери боюнча сот адилеттигине жетүү боюнча максаттуу топтун 14-отурумуна жана соттук коллоквиумга Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышууда. Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева дагы бар. 

Иш-чара Швейцариянын Женева шаарындагы Улуттар сарайында Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын (UNECE) колдоосу астында өтүүдө. Жолугушуу Улуттар сарайында дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн сот бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат.

Замирбек Базарбеков Орхус конвенциясынын талаптарын жана эл аралык укуктун башка тиешелүү ченемдерин эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнө жана абанын сапатына байланышкан иштердин ар кандай түрлөрүн кароодогу учурдагы тенденциялар жана акыркы окуялар боюнча сессияда сүйлөгөн сөзүндө жарандардын, юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин кызмат адамдары үчүн алардын бузулган экологиялык укуктарын коргоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн сотко мүмкүн болушунча кайрылуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи. Сот тутумунун ачыктыгын жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында соттун бардык чечимдери, анын ичинде экологиялык маселелер дагы кызыкдар тараптар үчүн электрондук порталга жайгаштырылат. Төрага 2020-2021-жылдар аралыгындагы акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунда экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча  болгону 11 кылмыш иши каралгандыгын билдирди.

Катышуучулар аймактык-мейкиндикти пландаштыруу жана энергетика менен байланышкан иштер боюнча сот адилеттигине жетүүгө байланышкан маселелерди талкуулап жатышат. Ошондой эле Конвенциянын үчүнчү компонентин ишке ашыруу жана сот адилеттигине натыйжалуу жетүүнү алга жылдыруу темалары да козголот.

Жогорку соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.