Айтматовдун “Атадан калган туягын» көрөм десеңиз, Куурчак театрына келиңиз!

Айтматовдун “Атадан калган туягын» көрөм десеңиз, Куурчак театрына келиңиз!

Бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрында Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси боюнча инсценировканын премьерасы болот. Кечки саат 17:00до башталат. Мындай маалыматты белгилүү жазуучу, драматург, акын, котормочу Алтынай Темирова билдирди. Анын айтымында, бул чыгарма мурда эч жерде коюлган эмес, биринчи жолу сахнага коюлуп жатат. 

Аңгеме тууралуу…

Аңгеме тууралуу учкай айта кетсек, алп жазуучу Айтматов  «Атадан калган туяк» аңгемесин 1968-жылы жазган. Башкы каарманы 6 жаштагы Авалбек менен телефонистка болуп иштеген апасы Жээнгүл. Бул чыгарманын негизинде 1973-1974-жылдары «Кыргызтелефильм» студиясы кыска метраждуу телефильм тарткан. Ал «Солдатенок» деп аталган. Сценарийи — Эркин Борбиевдики (анын дипломдук иш болгон). Фильм Сокулукта тартылган. Режиссеру — Элдар Уразбаев. Оператору — Марат Дуганов. Башкы ролдордо — Шайлоо Сагынбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Кубатбек Жусубалиев.

(Уландысы бар)

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.