Акылбек Жапаровдун абалы канааттандырарлык. Анын кызматтан кетер-кетпеси тууралуу президент билдирди

Акылбек Жапаровдун абалы канааттандырарлык. Анын кызматтан кетер-кетпеси тууралуу президент билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөп кеткенине байланыштуу кечээ, 28-апрелде эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык.

Садыр Жапаровдун айтымында…

Соңку учурда социалдык тармактарда, айрым бир сайттарда «Акылбек Жапаров жакында кызматтан кетет» деп байма-бай жазылып жаткан. Мындай кеп президент Садыр Жапаровго да жетип, ал өткөн аптада «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Акылбек Жапаров кызматтан кетпесин билдирген. «Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай» деп жазган.

Буга чейин, февраль айында Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөртүүлөр болот» деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирген.

Эске сала кетсек, Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп былтыр октябрда дайындалган. Ошондон бери социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу сөздөр маал-маалы менен чыгып келатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.