Орозо айт боюнча ушак тараткандар жоопко тартылары айтылды…

Орозо айт боюнча ушак тараткандар жоопко тартылары айтылды…

Быйылкы Орозо айт майрамы 2-майга белгиленгени тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы билдирди.

«Орозо айтты майрамдоого жана мал союуга тыюу салынат» деген маалымат учурда социалдык тармактарга тарап жатат. Мындай маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев четке кагып, «Орозо айтка бийлик тыюу салганы жатат» деген маалымат негизсиз экендигин билдирди. «Социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого жана ага карата мал союуга тыюу салынат» деген аудиожазуулар тарады. Бул маалымат чындыкка туура келбейт жана чагымчылык кылуу аракети экенин айтар элем. Мындай маалымат тараткандарды коомчулуктун башын айландырбоого чакырып, бул үчүн мыйзам чегинде жооп берерин эске салам«, — дейт  Эрбол Султанбаев.

ИИМ эмне дейт?

Ички иштер министрлиги да мындай маалымат жалган экендигин билдирип, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен элди адаштырбоого чакырып, жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар мыйзам боюнча жоопко тартыларын эскертти.

Президенттин Жарлыгы…

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров быйыл февраль айында өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган Жарлык чыгарган. Анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Ошондон тарта жер-жерлерде ысырапкорчулукту тыюуга байланыштуу чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок, айрым аймактардагы жашоочулар бул Жарлыкка каршы чыгышууда…

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөр болот. Бул тууралуу өкмөт маалымдаган. 1-май — Эмгек күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Улуу Жеңиш күнү.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.