Садыр ЖАПАРОВ: «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок»

Садыр ЖАПАРОВ: «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок»
Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-майда кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, 9-Май — Жеңиш күнүндө «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жоктугун билдирди.
Биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес. Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май — Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам.

Жаралыш тарыхы…

«Өлбөс полк» акциясы 2011-жылдан башталган, тагырагы, Орусиядагы жарандык активисттер демилгелеген. 2012-жылдан бери такай уюштурулуп келатат. Ал эми Кыргызстанда (Бишкекте) “Өлбөс полк” акциясы 2014-жылдан бери өтүп келет. 9-майда саат 10до, түштүк дарбазадагы Дайыр Асанов атындагы парктан башталат. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп жөө жүрүшкө чыккандар Абсамат Масалиев, Байтик баатыр көчөсү менен жүрүп отуруп, “Жеңиш” аянтынан аяктайт. Жылда президенттер катышып келет. Бу жолу да Садыр Жапаров катышарын жогоруда билдирди.

УКМК тыюусу…

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жөө жүрүштү өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын 28-апрелде басма сөз жыйынында билдирген. Ал эми
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарды “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө чакырып, “Өлбөс полк” жүрүшүнө мындай аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөп, улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Ошондон бери Бишкек шаардык милиция машинелерине «Z» белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салып, белгилерин сыйрууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.