Урматтуу кесиптештер, эртең «Журналисттер аллеясына» келиңиздер! (Дарек)

Урматтуу кесиптештер, эртең «Журналисттер аллеясына» келиңиздер! (Дарек)
3-май — Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү көп мамлекеттердин журналисттери белгилеп келет. Эртең, Бишкектеги Айни-Чапаев көчөсүндөгү паркта «Журналисттер аллеясында» Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата иш-чара өтөт.
Мындай маалыматты журналист Аскер Сакыбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Кесиптешибиздин айтымында, эртең медиаишембилик менен айт майрамы уланат. Иш-чара саат 10.00до башталат. Уюштуруучу Кыргызстан медиасынын аракеттеги Платформасы. (Уюштуруучулардын байланыш телефону: 0777774233, 0770778815). Катышуучулар журналисттер, активдүү жарандар жана шаардыктар.
Ишембиликтин программасында:
-СпичТайм (иш чарага байланыштуу кыска нуска сөздөр).
— Ишембилик (курчап турган чөйрөнү тазалоо менен коом үчүн пайдалуу иш жасоо).
-МедиаПалоо (айт майрамын белгилөө).
«Каалоочулардын бардыгын ишембиликке кошулууга чакырабыз! Сөз эркиндигине кайдыгер карабаган журналисттер, блогерлер, активисттер келип катышкыла!»,-дейт Аскер Сакыбаева.
Эске сала кетсек, Эл аралык сөз эркиндигинин күнүн белгилөө саамалыгы ЮНЕСКО жана Бириккен улуттар уюму тарабынан көтөрүлүп, аны дүйнөлүк эркин басылмалар колдоп, кабыл алган. Бул күнгө байланыштуу Кыргыз мамлекетинин редакторлору менен журналисттери 2002-жылдын 3-майында майрамга шайкеш «Бишкек декларациясына» кол коюшкан.
 
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.