Мелис ЭШИМКАНОВ: «Футбол — спорт падышасы». Тарыхый сүрөт таржымалы…

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Футбол — спорт падышасы». Тарыхый сүрөт таржымалы…

Бул тарыхый сүрөттү бүгүнкү 4-майда президент Садыр Жапаров башында турган «Мурас» достук футбол турнири эске салды. Байым Эрнис мындан он жыл мурун айтып берди эле. 2012-жылдын 23-июну болчу.

Анда биз Женевадагы мыкты журналист жубайлар Жеңиш Эдигеев менен Чолпон Орозобекованын «Де-факто» гезитинде иштеп жаткан кезибиз эле. Бул гезитке Эрнистин жаңы келген учуру болчу. «Мелис байкемдин көзү тирүү болгондо 50 жашка толмок. Агамдын элесине арналган журналисттер арасында кичи футбол турнири бүгүн 23-июнда стадиондо өтөт. Аны Асел жеңем уюштуруп жатат. Мелис Эшимканов аталышта китеби Феликс Куловдун демөөрчүлүгү менен жарык көрүү алдында турат. Басмаканага да бара кетишим керек болууда... » деп тердеп-кургап чуркап жүргөнүн көрүп калчумун…

Гезиттерге да интервью менен агасынын сүрөттөрүн сурап жаткан кесиптештерди да көрүп калгам. Ошондо дал ушул сурөттү көрүп калып, сурасам, «Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Мелис Эшимканов анда Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Алар тыныгып отурганда журналисттер сүрөткө тартып, интервью алышыптыр. Ошондо Мелис байкем: «Футбол — спорт падышасы» деп айткан.

Байкем спортко жаш кезинде эле кызыкчу. Футбол боюнча уландар командасынын капитаны болчу. Ал бош убактысын футбол, бильярд, шахмат ойноого жумшачу. Мени чакырып алчу. Экөөбүз шахматты, бильярдды укмуш ойночубуз…

Бир жолу футбол ойноп жатканда менин үстүмө кулап түшүп, белимди кокустатып алгам. Ошондон бери белим ооруйт, оор көтөрө албайм«,-деген эле…

Агасын аябай жакшы көрчү, оозунан такыр түшүрчү эмес. Арнаган ыры да бар.

Кеч иңир

(Мелис байкеме)

Улуу Көч. Улуу Өмүр. Улуу учур.
Уруштун туу чокусу алаканда.
Мен болсо эшек курттун кейпин кийип,
Менменсип мерт дүйнөгө баратам да…

Өрт дагы, өткүр дагы Сиз турасыз!
Өткөргөн менин жолум ката экен да?..
Кеч иңир кирип келди, шашылайын…
Кечиргин агам дагы, атакем да…

2007-жыл. «Каалга» китебинен

Эсимде, 2012-жылдын 23-июнунда бүгүнкүдөй нөшөрлөп жамгыр төккөн. Редакторубуз Чолпон Орозобекова: «Стадионго сөзсүз баргыла!»,-деп буйрук берген. Швейцарияда жатып алып эле бизди башкарып койчу. Женевадан бизди көрүп кое тургансып, айтканын аткарчубуз. Бирок, ошондо мен барбай калгам. «Эмнеге келген жоксуң? Сени күттүм да, жаным» деп кечинде Эрнистен СмС келди. «Жаным» дейби деп таңгалгам… Тагдыр экен, кийинки жылдын, 23-мартында баш коштук. 7 жылдан кийин түбөлүк уйкуга кетти… Телефонунан атымды таппайм, башка эле Назиралар… Көрсө, мени ЖАНЫМ деп сактап алыптыр да… Анын жаны болгонумду өткөндөн кийин билип жатпаймынбы, арман дүйнө…

Алым ТОКТОМУШЕВ: «Төкөнүн талантын Мелис Эшимканов козгогон»

Он жыл мурунку редакторубуз Чолпон Орозобекова азыр Женевада жайгашкан “Булан институту” бейөкмөт уюмунун жетекчиси. Ал бүгүн «Фейсбуктагы» баракчасына: «Жеңиштин Кыргыз-француз тилдери боюнча эки китеби тең Швейцариянын Payot деп аталган китеп дүкөндөрүндө сатылып аткан. Эми Женева шаарынын китепканаларына коюлду. Кыргызстанга бара турган туристтер, иш боюнча бара тургандар да издешет экен. Эми башка шаарлардагы китепканаларга да таратылганы турат» деп жазды. Жакшы кабар.

2015-жылы чыккан Жеңиштин бул китеби Эрнистин китеп текчесиндеги китептеринин арасында бар, сакталып турат. Анын ичиндеги сүрөттөрүн айтылуу «Асаба», «Агым» гезиттеринен Кимбайке каймана аты менен таанылган мыкты карикатурист, сатирик,  Төлөгөн КАРЫКЕЕВ байкебиз тарткан.

Эрнис сүрөттөр менен кошо жазылган сөздөрдү окуп, «Төкөнүн таппаганы жок. Интеллектуал карикатурист. Ушундай талантты баалай албай жатабыз. Мелис байкем болгондо го…» деп кейип калчу…

«Төкөнүн жүрөгүндөгү «уйкудагы арстанды» ойготуп. талантын козгогон Мелис Эшимканов. Аны тааныгандардын баары айтат, өзү да айтат» деп айтылуу Алым Токтомушев агабыздан жазганы бар. Анынсыңарындай, Мелис Эшимканов агабыз канча деген чыгармачыл адамдардын шык-талантын ойготкон улуу устат эле…

Бир тарыхый сүрөттүн артынан ушундай асыл адамдар эске түштү… Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.