Сүйүн КУРМАНОВА: «Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу сунушу жүрөккө бальзамдай таасир этти»

Сүйүн КУРМАНОВА: «Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу сунушу жүрөккө бальзамдай таасир этти»
3-майдагы Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюшулган иш-чарага айтылуу Мелис Эшимкановдун «Асаба», «Агым» гезиттеринде эмгектенген белгилүү журналист Сүйүн Курманова «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Сүйүн КУРМАНОВА: «Кайран Мекем болгондо коом мынчалык “ паска түшүп” кетпейт эле..»
Басма сөз эркиндигинин күнүндө журналисттер гүлбагында улуу-кичүү кесиптештерди көрүп, көөнүм толду.
Эркинмин дегендер аз эмес экен.
Кесиптештердин биримдигинин бул гүлбакка кыргыздын эркин журналистикасына чыйыр салган Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу сунушу андан бетер жүрөккө бальзамдай таасир этти.
Кайран Мекем болгондо коом мынчалык “ паска түшүп” кетпейт эле деп эскердик. Анткен менен Алидей, эки Болоттой, Ыдырыстай азаматтар турганда эркиндиктин туусу эч качан жерге түшпөйт деп каниет кылдык.
Ишембиликти уюштургандарга чын дилден ыраазы болуп, бактын ичин тазалап, өзүбүздүн ниетибизди да агарттык.
Сөз өлбөсүн, сөз Эркин болсун!!!
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Бишкектеги Журналисттер аллеясына Мелис Эшимкановдун ысымын берүү демилгесин колдогон журналисттер тизмеси бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.