Журналисттер аллеясына Мелис Эшимкановдун ысымын берүү демилгесин колдогон журналисттердин тизмеси

Журналисттер аллеясына Мелис Эшимкановдун ысымын берүү демилгесин колдогон журналисттердин тизмеси

Кечээ, 3-май — Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө Кыргызстан медиасынын аракеттеги платформасы уюштурган ишембиликте жакшы бир демилге көтөрүлүп, колдоо тапты: борбор шаарыбыздын Айни — Анарбек Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөлөрүнүн кесилишиндеги Журналисттер аллеясына коомдук жана саясий ишмер маркум Мелис Эшимкановдун ысымын берүү боюнча кесиптешибиз Аскер Сакыбаеванын сунушун келген журналисттер колдоп, кол коюп беришти.

Эми, сөз башынан болсун дегендей, негизги иш-чара — ишембилик болгондуктан, улуу, орто, кичүү муун болуп шайма-шай кийинип келген журналисттер журтчулугу аллея ичине тарап таштанды издеп, тазалаганга кириштик алгач. Чындыгы, «каап, ушунча да болобу» деп баш чайкагыдай таштанды жыйып деле жиберген жокпуз. Анча-мынча тентек колдордон түшүп калгандарды 10дой мүшөккө түйүп койдук. Негизи, соңку жылдарда мэриябы, шаардын башка мекеме-кызматтарыбы, чоң жана ушундай чакан парктарды атайын каратып, бутактарын бутатып, көчөт отургузуп, чөбүн чаптырып, айрымдарында атайын спорттук-машыгуу аянтчаларын уюштуруп, скамейкаларды бекемдетип орнотуп, сырдатчусун сырдатып коюп жатышкандарын байкап жүрөбүз, ошондой камылга Журналисттер аллеясына да көрүлгөн окшойт деп калдык.

Айтор, шаардын тазалыгы жана жашылдануусуна арналган жупуну аракетибиздин аркасы менен кесиптештер баарлашып, кыймылдуулары бийлеп, Авланбек Жумабаев байкебиз палоо басып, чыркылдатып сүрөткө түшүп, сайт-басылмаларга маалымат бергенге да жетишкендей болдук.

Иш-чара аягы Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова жакшы ниет-тилек менен алып келген 70тен ашык түрдүү гүл көчөттөрүн отургузуу менен аяктады. Бир кезде Асел жеңем иштеген НТС телеканалынын журналисттери, жакын курбусу Айдай Ивакова, Сурма Шаршенбаева, Элизат Садыралиева жана Рахат Ашырматова гүл отургузуп, суу куюп, ушул аллея, буйруса, Мелис Эшимканов атындагы гүлзарга айланган парк болсун деген изги тилектерин айтышты… 

Айтмакчы, иш-чара жүрүшүндө кыскача сөз сүйлөгөнгө да мүмкүнчүлүк берилип, бир кезде ушул аллеянын ачылышына чоң салым кошкон белгилүү котормочу, акын, тажрыйбалуу журналист Марат Токоев аллея идеясы качан, кандайча пайда болгонун учкай баяндап айтып өттү.

Марат ТОКОЕВ: «Алгач чакан аллея болсо, бүгүн парк»

Бардык кесиптештердин башын бириктирип, Журналисттер аллеясын ачып, ошол жерде чогуу-чаран иш алып баруу максатта жер издеп Бишкек шаарынын мэриясына кат менен кайрылганбыз. Катыбыз мэриядан колдоо таап, ушул жер мыйзамдаштырылып берилген. Анда чакан эле аллея болчу. Бүгүн минтип паркка айланып отурат. Ой-тилегибиз 3-майдагы Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө туш болуп калып, ушул датаны жылына майрамдап, бак отургузуп, ишембилик кылып келатабыз. 11 жылдан бери биз баштаган иш-чара уланып келатканына кубанычтамын. Кыргызстанга сөз эркиндигин алып келүү үчүн журналисттерде ынтымак, биримдик болуш керек! Мындан ары да ынтымагыбыз арта берсин! Калемиңер курч болсун! Бутуңар талыбасын! Эмгегиңер дайыма бааланып жүрсүн!

Аскер САКЫБАЕВА: «Мелис Эшимканов сөз эркиндигин байрактай көтөрүп жүргөн адам болчу»

Мараттан кийин сөз алган кесиптешибиз Аскер Сакыбаева жүрөк жылыткан сунуш киргизди. «Биз бул жерге сөз эркиндигин сөз кылуу үчүн чогулуп турабыз. Сөз эркиндигин 30 жыл ичинде жакшы түшүнүп калдык. Кыргыз журналистикасынын тарыхында сөз эркиндигине эң биринчи дың салган маркум Мелис Эшимканов болгон. Аны бардыгы жакшы билет, жаштар эле билбей калбаса… Мелис Эшимканов сөз эркиндигин байрактай көтөрүп жүргөн адам болчу.  Ошондуктан ушул Журналисттер аллеясын Мелис Эшимканов ысымы менен атасак жакшы болот эле. Менин мындай сунушум укпай калган журналисттерге силер аркылуу жетет деп ойлойм» — деп сөзүн аяктаган Аскер сөз кезегин Асел Эшимкановага берди. Ал уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү маанилүү маселени айтты.

Асел ЭШИМКАНОВА: «Кол коюп берип коюңуздар!»

«Кыргызстандагы басма сөз, дегеле сөз эркиндигинин тарыхында Мелис Эшимкановдун ысымын айтпай коюуга болбойт » деп Түгөлбай Казаков агабыз айткандай, Мелис тууралуу айтпай коюуга болбойт. Анткени ал чындыкты бетке айткан, калыстыкты, адилеттүүлүктү туу туткан адам болчу. Бекеринен кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан эмес да…

Журналисттер аллеясына Мелистин ысымын ыйгаруу боюнча биз Мэрияга кат даярдадык эле, ошого кол коюп берип коюңуздарды өтүнөм.

Асел жеңемдин суранычы, Аскердин сунушу четке кагылган жок, ал жерге барган кесиптештердин бардыгы бир добуштан колдоп, кол коюп беришти.

Аллеяга Мелис Эшимкановдун ысымын берүү демилгесин колдогон журналисттер тизмеси:

  1. Тат ЭРНИС уулу («Алакан» сайты),
  2. Назира Саалиева («Алакан» сайтынын ээси жана башкы редактору),
  3. Салима Салиева («Алакан» сайтынын башкы редакторунун орун басары),
  4. Алмаз Турдумамбетов («Алакан» сайтынын кабарчысы),
  5. Марат Токоев («Журналисттер» коомдук бирикмесинин мүчөсү),
  6. Айдай Ивакова (НТСтин журналисти, «Санжыра» радиосунун директору),
  7. Аскер Сакыбаева (эркин журналист),
  8. Базарбай Гапаров («Будь здоров» гезитинин башкы редактору),
  9. Олжобай Шакир уулу («РухЭш» сайтынын жетекчиси),
  10. Сайпидин Султаналиев (эркин журналист),
  11. Сүйүн Курманова (эркин журналист),
  12. Авланбек Жумабаев (медиа-эксперт),
  13. Болот Темиров (Temirov LIVE YouTube-каналынын ээси жана жетекчиси),
  14. Кайыргүл Урумканова («Говори ТВ» сайтынын жетекчиси),
  15. Дилбар Алимова («ПолитКлиника» медиасынын башкы редактору),
  16. Толкун Наматбаева (журналист, «Республика» гезити),
  17. Алмаз Темирбек уулу («Фабула» сайтынын редактору),
  18. Али Токтакунов («МедиаХаб» — директор)
  19. Тамара Валиева
  20. Элвира Караева (журналист, «Супер ТВ»)
  21. Гладис Темирчиева (журналист, «Вести.kg»)
  22. Канышай Мамыркулова («МКА ТВнын» жетекчиси),
  23. Динар Турдугулова (Жогорку Кеңештин кызматкери),
  24. Акылай Маратова (журналист «Нур ТВ»),
  25. Мэри Бекешова (эркин журналист),
  26. Адил Турдукулов (журналист «Академия ТВ»)
  27. Ибраим Нуракун уулу (Борбор Азия медиа фондунун жетекчиси),
  28. Чолпон Ногойбаева (журналист),
  29. Нурдин Дүйшөнбеков («Общественный рейтинг» гезитинин редактору),
  30. Сурма Шаршенбаева (журналист, НТС),
  31. Элизат Садыралиева (журналист, НТС),
  32. Рахат Ашырматова (журналист, НТС).

Телефон аркылуу колдогон журналисттер:

  1. Чынайым Кутманалиева (журналист, «Майдан» гезити),
  2. Перизат Кутманалиева (журналист, «Добулбас» сайты)
  3. Кундуз Исмаилова (“Данакер лингво” маданий-илимий коомдук бирикмесинин жетекчиси, эркин журналист),
  4. Жазнура Токтоболотова («Салык инфо» гезитинин башкы редактору),
  5. Азамат Дүйшөнбай уулу («Агро жарчы» гезитинин башкы редактору),
  6. Жазгүл Ибраева (журналист, «Будь здоров» гезити),
  7. Төлөгөн Сулайманов (журналист, 5-канал),
  8. Шайырбек Эркин уулу (эркин журналист),
  9. Күнболот Момоконов («Факты.kg» гезитинин башкы редактору),
  10. Айчүрөк Борукеева (эркин журналист),
  11. Бурул Мусабекова («Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин башкы редактору),
  12. Нурзада Ташбаева (журналист, «Спутник»),
  13. Жамила Таштанбекова (журналист, «Азия ньюс),
  14. Гүлзада Шаршеналиева (эркин журналист),
  15. Изати Шүгүралиева, (журналист),
  16. Назгүл Калмамбетова («Абал.kg» маалымат порталынын ээси жана башкы редактору)
  17. Гүлзина Чотонова (режиссер КТРК),
  18. Сайрагүл Дуулатова («Кадам-медиа kg» сайтынын башкы редактору),
  19. Назгүл Мамытова («Ачык саясат плюс» гезитинин башкы редактору),
  20. Чынара Мамытканова (журналист),
  21. Айнагүл Сапарбек кызы (эркин журналист),
  22. Элнура Кулуева (эркин журналист),
  23. Гүлжан Шерипбаева («Назар ньюс» сайтынын жетекчиси),
  24. Гүлжан Алтымышбаева (журналист, НТС, «Санжыра» радиосу),
  25. Чолпон Орозобекова (“Булан институту” бейөкмөт уюмунун жетекчиси),
  26. Жеңиш Эдигеев (Женевадагы журналист),
  27. Сурат Жылкычиев (журналист, «Азия ньюс» гезити),
  28. Элмара Турсуналиева (журналист, УТРК),
  29. Аманбол Бабакулов (блогер).

Асел ЭШИМКАНОВА: «Жок дегенде Эрнис тирүү болгондо…»

“Артыңда эстей жүрөр кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, 11 жылдан бери Мелис Эшимкановдун өзү да, сөзү да, эмгеги да жана «Асаба», «Агым» гезиттеринде оң колу болуп эмгектенген бир тууган иниси, мыкты журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулу да эскерилүүдө …

Мелис агабыздын көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Юбилейине карата ысымын берүү демилгеси иш-чаралардын башаты деп ойлойм. Мэрияга даярдалган катка кесиптештер кол коюп берип кубантышты. Байым тирүү болгондо ал дагы кубанмак. Асел жеңем айткандай, «жок дегенде Эрнис тирүү болгондо кана?..»

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү, мыкты саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис Эшимкановдон 2011-жылы 15-сентябрда, Эрнис АСЕК уулунан 2020-жылдын 29-январында ажыраганбыз.

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун« деп Эрнис жазгандай, эки гений ага-ини болгон жана болот. Дегеним, кыргыз элим турганда, бир туугандардын аты эч качан өчпөйт, алардын эскерүүлөрүндө түбөлүккө жашайт.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Урматтуу кесиптештер, кол коюу уланууда… Саясатчылар, коомчулук да колдошту. Алардын тизмеси жакында жарыяланат.

 

5 thoughts on “Журналисттер аллеясына Мелис Эшимкановдун ысымын берүү демилгесин колдогон журналисттердин тизмеси

  1. Журналисттер аллеясына белгилуу журналист Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу идеясын колдойм. М. Эшимкановдой билимдуу, бетке айткан чынчыл журналисттерибиз арбын болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.