Султан РАЕВ: «Эл аралык Түрксой уюму Түгөлбай Сыдыкбековду таанытым Күнүн өткөрөбүз»

Султан РАЕВ: «Эл аралык Түрксой уюму Түгөлбай Сыдыкбековду таанытым Күнүн өткөрөбүз»

Султан РАЕВ: «Түкөмө 110 жыл. Маараке сөзүбүз кандай болот?»

Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу Мамлекеттик жана коомдук ишмер, драматург, Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды: 

Түгөлбай Сыдыкбеков... Улуу алп, кыргыз деп чагылгандын огундай күйүп өткөн улуу залкар. Кыргыздын асыл үлгүсү, тотолитардык доордо тил, тарых, улуттук намыс, баалуулук, дөөлөт деп, найзанын учу, кылычтын мизи жалмаңдап турса да ак сөзүнөн кайтпаган, Толубай сынчыдай чындык деген жүрөгү бар залкарлардын залкары эле…
Кечээ үйүнө бардым… Улууну унутуп баратканыбыздын эстелигиндей сезилди мага… Түкөмү унутканыбыз… Кыргыздын тарыхын, тилин унуткандай, кайран залкар башын канжыгага байлап улут деп ултунуп өттү эле…
Ошол үйдөн Алихан деген жигитти көрдүм. Кыргыздын мүнөзү, кыргыздын духу бу жигитте бар экен деп ынанып турумун. Түгөлбай Атаны баалай билген адамдын гана жүрөгүндө Кыргыздын нукура улуулугу жашайт. Алихан ошондой жигит экен. Атан төө көтөргүс жүктү ушул жигит мойнуна алыптыр. 15 томдук китеби, эстелик… Залкардын атын түбөлүк калтыруу… Түгөлбай атабыз Кыргыз эл баатырларынын тунгучу, бирок артында чуркаган эч ким жоктой унутулуп баратканы мага, сага, бизге, улутка абийир алып келбейт. Улут абийринин символу… Ушул абалда… Борбор калаанын аты Бишкек болсун деп жан күйгөндүн бири — Түгөлбай ата эле! Борборубуздагы Түгөлбай ата көчөсүнүн узундугу 800 метр экенин уулу Сабыр байке жан күйүп айтты… Үй- музейи да урап баратат… Түкөмө 110 жыл. Маараке сөзүбүз кандай болот? Эмне дейбиз? Бу суроо бизге, жообун биз айтуубуз керек…
Кайнаса каны да кошулбаган, бирок жаны Түгөлбай ата деген 28 жаштагы таластык Алихан иним гана алптын алп жүгүн тартып, жүгүрүп жүрөт…
Эл аралык Түрксой уюму Бакудагы Адабият жана китеп фестивалында Түрк дүйнөсүнүн улуу залкарлары менен бирге Түгөлбай Сыдыкбековду таанытым Күнүн өткөрөбүз.
Ошол эл аралык иш-чаранын алдында Түгөлбай атанын үйүнө келдик. Ушул ойго арбалдык…
Күзүндө Анкарада, Түрксойдо 110 жылдыкты эл аралык деңгээлде белгилейбиз…
Султан РАЕВ

Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет»

Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жазуучунун үйүнө барып уулу Сабырбек Сыдыкбековго жолукканда айткан. Анда ал быйыл Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын, жазуучунун китептерин санариптештирүү, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирген.

“Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору, «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга салым кошкон, орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусундагы Түп районунда туулган. «Күрөш» аттуу алгачкы китеби 1933-жылы жарык көргөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.