Төлөгөн КАРЫКЕЕВ (Кимбайке): «Закүндүн кызы»

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ (Кимбайке): «Закүндүн кызы»

29 жыл…

Баш мыйзамыбыздын кабыл алынганына бүгүн 29 жыл болду. Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алып берген. Ошондон бери канча жолу өзгөртүлдү, келген эле бийлик өзгөртө берет. Акыркы референдум былтыр (2021-жылдын 11-апрелинде) өтүп, ага 36,66% шайлоочу катышкан. 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, президенттик башкаруу жолун тандап алышкан. Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майда кол койгон. Ушул күн кызыл менен белгиленип, майрамдалып келет. Конституция күнү менен куттуктайбыз!

АРХИВден

«Закүндүн кызы» бүгүн да азил-чыны аралаш «зарын» айтып турат…

Биз сыйлаган, сыймыктанган белгилүү сатирик, карикатурист Төлөгөн КАРЫКЕЕВ (Кимбайке)  «Асаба», «Агым», «Алас», «Баягы Асаба», «Де-факто» гезиттерине мыкты карикатура, шарж сүрөттөрдү тартып эле тим болбой, катыра куйкум курч, мурч сөздөрдү аралаштыра юмор, сатираларды жазып бардык басылмалардын баа-баркын көтөрүп эбегейсиз салым кошчу. Төлөгөн байкенин керемет чыгармачылыгы менен гезит беттеринин көркү ачыла түшчү.

Кимбайкебиз эгемендик башталганы реформа, оӊдоо-түздөөдөн көп жабыр тарткан Баш мыйзамыбыздын абалын чагылдырып «Закүндүн кызы» монолог-сатирасын жазды эле… Ал алгач 2007-жылы «Де-факто» (гезиттин негиздөөчүсү белгилүү журналист Чолпон Орозобекова жетектеп турган кезде) гезитине жарык көргөн. Кийин (2013-жылы «Баягы Асаба») гезитибизге, андагы башкы редакторубуз, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулунун суранычы менен Төлөгөн байкебиз толуктап жазды эле… 

«Закүндүн кызы» бүгүн да ошол азил-чыны аралаш «зарын» айтып турат, окуп, жылмайып коюӊуз…  

Назира СААЛИЕВА

КИМБАЙКЕ: «Айылга кетип калсам, багым ошол жактан ачылат беле, аттиӊ…»

Менин аты-жөнүм — Конституция. Өзүм 1993-жылы туулгам. Ошондо оӊ кулагым эми жарыкка чыгып келатканда акушер аялдын: «Бул кызыӊардын өмүр  жолу татаал болот көрүнөт…» дегенин чала-була угуп калган элем.

Бирок балалык чагым бактылуу өттү. Бирди кийип, бирди чечтим. Каалагандай ичип-жедим. Эрке-талтаӊ болуп чоӊойдум. Ата-энем ким экенин билбейм. Илген Бараламен деген неме болгон деп бир дервиш айтканда ишенбей койгом. Бала болуп башыма жүн чыкканы, мени Аскарпион деген киши багып алдыле да. А киши жер жүзүн кыдыртты. Көп өлкөнүн Мыйзамгүлдөрү менен тааныштым. Ушундайбыз да, эмне жылтырагы болсо, баарын өзүмдүн байпагыма, бусгалтырыма кыйгач кыстарып чогулттум. Анткени аларга окшош болгум келди. Өзүм Агүйдө жашагандыктан, ал жерде иштегендер мени аябай макташып, чачыман салышчу эле. Бирок, бир жолу Жазылбаган Мыйзам деген ачуулуу бирөө келип, мени катуу сөктү. «Жайканада жата бербей, карапайым элге чыкпайсыӊбы!»,- деди кызыл камчысын үйрүп. Ага удаа айыл-ападан келишип, алыскы ырайондорго чакырып: «Жок дегенде сенин колундан бир чөөгүн чай ичип калалы»,- дешти. Баралган жокмун. Анткени мен айыл жерине жашай албайм. Демим кыстыгып, башым айланып, жыгылып кетчүдөй боло берем. Эмнеге андай экенин билбейм. Мени «төрөгөндөр» витамин жетпеген, каны аз шордуу болгон бейм… Ошонун айынан кийинчерээк удаасы менен эки жолу операция болдум. «Сокур ичегиӊ бар экен, алып салдык» ,-дешти. Эр-эферендум-дум деген догдур кести. «Кебетеӊ серт экен» деп пластикалык операция жасады. Бирок, артык кылам деп тыртык кылды. Ошондон мени Аскарпион чанып кетти. Үстөлү сууйлекте Криманбек деген келип отурду. Мени тизесине отургузуп, «сени эч кимден кем кылбай багып алам, эч чочулаба!»,-деди. Эмнеге чочуламак элем деп ырсалактадым. Көрсө, бекер кылган экем. Кеч күздө ит талагандай кылышты. Тигип койгон боз үйүмдү тебелеп-тепсешти. Чачымды жулмалашып, жаш денемди кармалашып, аз жерден абийиримди төгүп кое жаздашты. Депутаттар келип, «найабир деген көйнөктү кийесиӊ» дешти, бутуман бери ченеп. Криманбек келип, «Чеч алдагы самтыракты, мобуну кийесиӊ!» деп көкүрөгүмдү, белимди, жамбашымды энтигип ченеп, декабир деген энеден туума көйнөктү мага ыргытты. Мага кийгизерин кийгизип коюп, өзү түн жамынып жана китель жамынып качып кетти.

Койлорго баспут чыккан жылдан кийинки жазда мен кайра бөлөк көйнөк кийдим. Текесбайып өзүнүн «Сенат ырлар» деген китебин күнү-түнү жазып бүтүп, менин атымдан жарыкка чыгарды. «Кунаажынга жүз жыйырма уйдан тыйуу» деген урбирке менен дүйнөгө  «дүӊ!» эле дей түштү. Атаманбайып деген айылбашчыга алпарышса, «давай, Гавай, жуубасак болбос…» деген имиш.

Эми эмне айтышты да билбейм. Эр-эрфендум-дум деген баягы догдур кийинки кезде түшкө оголе көп кирчү болду. «Кебетеӊди түзөйм сенин, албрастыдай өлгөн нендурайын!..» деп бычагын жалаӊдатып курчутат. Коркуп атам, дагы кимиси келип, мага кандай көйнөк кийгизип ийет деп. Ушундан көрө илгериле айылга кетип калсам болмок экен. Балким, багым ошол жактан ачылат беле, аттиӊ…

КИМБАЙКЕ

«Баягы Асаба» 2013-жыл, 12-декабрь, №11 сан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.