Жапаров менен Жапановдун куттуктоосу…

Жапаров менен Жапановдун куттуктоосу…

Бүгүн, 5-май  — Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады.

Садыр ЖАПАРОВ: «Баарыбыз биргелешип, асыл ой-тилектерибизди ишке ашырууга чамдайлы!»

— Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү  Конституция күнү менен куттуктайм! Кылым карыткан кыргыз калкы ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттике умтулуп, эгемен Кыргызстаныбыздын кубаттуу, өнүккөн мамлекет болуусун эзелтеден эле эңсеп, илгери үмүт менен жашап келген.

Учурда биз жашап жаткан, колдонуудагы Конституциябыз дал ушул адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттайт. 2020-жылдын Октябрь окуяларында коюлган талап дагы, анын жыйынтыгындагы натыйжа дагы дал ошого байланыштуу.

Көз карандысыз Кыргызстандын биринчи Конституциясына 1993-жылдын 5-майында кол коюлгандыгы жамы журтка белгилүү. Мамлекетибиздин Баш мыйзамына 2021-жылдын апрелинде болгон референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) жыйынтыгына да өткөн жылдын 5-майында кол коюлду. Жалпы элдик добуш берүүдө мекендештерибиз өлкөнүн көз карандысыздыгын, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндигин бекемдеген Конституция үчүн добуш беришкен. Ошентип, жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу.

Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт.

Аттокур ЖАПАНОВ: «Легендардуу парламенттин 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган»

205 китептин (анын ичинде 40 сөздүк, 28 сүйлөшмө, 100 энциклопедия, 37 китеп, 35 макаланын) автору, КРСУнун профессору, белгилүү окумуштуу-тилчи Аттокур Жапанов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды куттуктап, легендарлуу парламентти эске салды.

— Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм! Өлкөбүздө, жан дүйнөңүздөрдө тынчтык болсун!

5-май 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган. «Легендардуу парламенттин» курамы 1990-жылдагы биринчи альтернативдик шайлоодо түзүлгөн. Бул парламент КР мамлекеттик көзкарандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну түзгөн бийлик органы катары тарыхта калган. «Легендардуу парламент» тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:
— Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө Декларация (15-декабрь 1990-жыл);
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация (31-август 1991-жыл);
— Көзкарандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы (5-май 1993-жыл);
Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.