Чек ара кызматы: «Чек арадагы окуя боюнча тергөө амалдары башталды»

Чек ара кызматы: «Чек арадагы окуя боюнча тергөө амалдары башталды»

Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.

Алардын тараткан расмий маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына 5-майда курал колдонушкан. Натыйжада 1974-жылы, 1998-жылы жана 2000-жылы туулган үч жаран жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Алар эсине келбей, алган жарааттан улам каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашты. Окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

5-апрелде Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан. Алардын Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жатканы кабарланган. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.