Садыр ЖАПАРОВ: «Дөөлөт Сыдыковдун бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем»

Садыр ЖАПАРОВ: «Дөөлөт Сыдыковдун бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем»

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Манасчы тууралуу пикирин президент Садыр Жапаров кечээ, 7-майда «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

— Алгачкы эле суроом коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу болмокчу. Ал «өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн чет өлкөгө чыгып кетүүгө туура келди» деп жар салды. Чын эле бийлик тараптан куугунтук болдубу?

— Куугунтук кылгыдай ал менин душманым беле? Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды.

— Дөөлөт Сыдыков өзү айткандай үч жолу чакыртыпсыз. Маданият министри жана басма сөз катчыңыз аркылуу. Кандай максатта чакырдыңыз эле? Жолугушууга барбай койдум дептир. Эмнеге келбей койду экен? Же чын эле сиз айткандай бирөөлөрдүн жетегинде кетип калдыбы?

— Кудай көрүп турат. Жакшы ой менен чакыргам. Даяр болуп жаткан долбоор менен тааныштырайын дегем. «Манас айылын» Манас айылы деген атка татыктуу кылып оңдоп коелу деп жасап жаткан иштерди көрсөтүп коеюн, администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка «Манас театры», кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем. Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса түшүнүп кайра тескерисинче колдоп калаар деген ой менен чакыргам. Келбейм деп, керсейип келбей коюптур. Мейли келбесе деп ишти улантып жатабыз. Мамлекет бир кекейген адамга карап олтурмак белек.

Азыркы «Манас айылынын» кебетесин барып көргүлөчү. Иттер менен селсаяктардын дааратканасы болуп калыптыр. Өзү ошол жерде бир жылча башчы болуп иштеди. Эң жок дегенде колуна күрөк алып анча-мынча болсо да тазалап койсо «ии мекенчил бала экен» деп каласың го. Ошону калтыр дейт. Баланын мээси ордунда эмес экен. Ошондон кийин теңелбей эле коелучу дедим.

«Манас айылын» чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бүткөндөн кийин баа бергиле. Ким туура, ким туура эмес кылып жатканын. Тез эле бүтөбүз. Эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы Манас айылы болот. Түбөлүк калат. Азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Анысы аз келгенсип Манаска таандык бир сөлөкөт жок. Манас айылы деп айткандан уяласың.

— Манасчы эмес эле пиарчы экен дедиңиз. Эмне себептен айтып жатасыз? 14 саат тынбай Манас айткан манасчы го акыры?

— Уккам 14 саат манас айтканын. Сөздөрүнө маани берип, аягына чейин уксаңар. Бир сөзү миң кайталанат. Антип манас айтпайт да. Бир сөздү миң кайталап манас айтсаң 14 саат эмес, 14 сутка деле айтсаң болот. Саякбай Каралаев атабыздын манас айтканын уккула. Бир да сөзү кайталанбайт. Андан кийин өзүңөр баа бересиңер.

14 саат манас айтылган жана президент кабыл алган күн…

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 12-ноябрында, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып (Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатта), 14 саат 27 мүнөт (эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктады) тынбай (эс албай, тамактанбай, суу ичпей) манас айтып рекорд койгон.  Эртеси эле (13-ноябрда) президент кабыл алып, баалуу белектерин тапшырып, ийгилик каалаган. Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Ырыс ОКЕНОВА: «Дөөлөттүн чоң миссиясы Манасты даңазалоо»

Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу 5-майда белгилүү болгон. Ал кысымга кабылганын «Азаттык» радиосуна билдирген. Бирок, ким тараптан кысым болгонун ачыктаган эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчыга эч кандай кысым болбогонун айтып, «Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду» деген пикирин социалдык тармакка жазган. Анын мындай пикирин коомчулук кызуу талкуулаган жана талкуулашууда.

Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова Эдил Байсаловго «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берди: «Дөөлөт узак сааттарга, токтобой Манас айтса Манастын баркы кетип калбайт. Манастын касиетин арттырып айтып жүрөт. Дөөлөттүн чоң миссиясы Манасты даңазалоо. Ал ошол миссияны татыктуу аркалап келет. Дөөлөт эч кимге жамандык каалабаган асыл адам. Сизге Дөөлөт эч нерсе деген эмес, абам деп эле сыйлап келген. Көрсө, сиз жакшыны көрө албаган эле көр пенде экенсиз».

Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Кичинекей жерден бул чоң маселеге айланып кетти»

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да манасчынын өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга 6-майда комментарий берди. Ал “Азаттыкка” берген маегинде мындай деген: «Президент Садыр Жапаров «Манас айылы» ордунда каларын айткан. Реконструкция жасаларын түшүндүрүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырган, бирок, ал андан баш тартып койгон. Дөөлөт мырзаны чакырып баарын түшүндүрдүм. Ал жерде эч кандай коркутуу болгон эмес. Кичинекей жерден бул чоң маселеге айланып кетти«.

Дөөлөт СЫДЫКОВ: «»Манас айылынын» жери Манаска калсын дегеним үчүн…»

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 6-майда кечке маал социалдык тармактарда билдирүү тараткан. Анда ал «Манас айылынын» жери Манаска калсын деген пикири үчүн куугунтукка кабылганын билдирген. Ага чейин ал маданий-этнографиялык комплекстин жерин басып алуу аракети болуп жатканын айткан. Ал «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын, комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир топ адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин билдирген. Бул боюнча бийликке да кайрылган. Бийлик өкүлдөрү болсо жер басып алууга байланыштуу кепти четке кагып, комплекс реконструкция болорун билдирген.

Комплекс аймагына Манас театры менен Манас музейи жайгаштырылат

Президент Садыр Жапаров «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексине 29-апрелде барып, этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоору менен таанышкан.

Президенттин басма сөз кызматынын тараткан маалыматына караганда, комплекс аймагына Манас театры менен Манас музейи жайгаштырылат. Реконструкциялоодо комплекстин аймагына 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйын, курултай өткөрүү залы бар үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда.

Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече жолу көтөрүлүп, сынак да жарыяланган. «Манас айылы» мурда Бишкек шаардык мэриясынын балансына караса, азыр «Бишкек» эркин экономикалык аймагы» башкы дирекциясынын балансына карайт. Ага 1998-жылы өткөрүлгөн. «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекси 1995-жылы «Манас-1000» жылдыгына карата салынган.

Садырбек ТУРДУБЕК уулу: «Улуу өнөрдү уйпалап жатканыбыз дурус эмес!»

Мына, окурман, бардык тараптын пикирин берүүгө аракет кылдык. Учурда бири-бирин каралоо социалдык тармактарда катуу жүрүүдө, атүгүл жеке турмушуна (үй-бүлөсүнө) чейин асылышууда.. Эки жакты чабыштырып коюп отургандар да болууда…

Жаштардын көбү улууларды ынтымакка чакырууда. Анын бири — «Сонун го» басма үйүндө жана китеп дүкөнүндө эмгектенген төкмө жана жазмакер акын Садырбек Турдубек уулу. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

Калыстыктан тайбайлы, өз түшүнүгүбүзгө салып каралай берүүнү токтотолу! Дөөлөт Сыдыков менен Рысбай Исаков агаларды өз кызыкчылыгаңарга пайдаланбагыла! Экөөнүн тең опол тоодой эмгектери бар. Улуу өнөрдү уйпалап жатканыбыз дурус эмес. Буюрса убакыт баарын өз ордуна коёт. «Манасчы» деген улуу затына ар кайсы мите сөздөрдү чапташтырбайлы! Жеке таарынычыбызды учурдан пайдаланып, коомго алып чыга калуучулар аман эле бололу!

Ак сөз! Туугандар, келгиле, билип-билбей эле бирөөнүн дарегине катуу сөз айтуудан алыс, ар бир ишке калыс бололу!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.