Депутат Руслан Жакышов Таластагы иш-чарага катышып, ардагерлерди куттуктады

Депутат Руслан Жакышов Таластагы иш-чарага катышып, ардагерлерди куттуктады
Бүгүн, 9-майда Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием Кыргызстандагы бардык аймактарында болуп өттү. Талас облусунун Бакай-Ата районунда да иш-чара болуп, ага Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Руслан Жакышов катышты. Ал өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, ардагерлерди куттуктады.
Депутат жеңиш оңой-олтой келбегенин баса белгилеп, согушта курман болгон аталарга өмүр бою ийилип, аларга таазим кылып, унутпашыбыз керектигин эскертти. Ошондой эле ал ардагерлердин азайып баратканына кейиди… Иш-чаранын аягында ал ардагерлерди куттуктап, белектерин тапшырды.
Белгилей кетсек, Бишкекте  “Өлбөс полк” жүрүшү “Түштүк дарбазадан” башталып, Жеңиш аянтында жыйынтыкталды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди. Андан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ар бири менен учурашып, узак өмүр, бекем ден соолук каалап, аларды талаа ашканасына чейин коштоп барды.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.