Эркеайым БОТАЛИЕВА: «Атакемдин орду толгус кайгысы жан дүйнөмдү кыйнап, жүрөгүмдү оорутуп келет»

Эркеайым БОТАЛИЕВА: «Атакемдин орду толгус кайгысы жан дүйнөмдү кыйнап, жүрөгүмдү оорутуп келет»
Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө… Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. Кайтып келген ардагерлердин арасы жылдан жылга суюлуп барат…
Улуу Ата Мекендик согушка катышып, мекенине кайтып келгендердин бири — Боталиев Шакир Максудович. Маркум ардагердин акын кызы Эркеайым Боталиева атасынын сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, эрдигин жазды. Ал толугу менен төмөндө.

Эркеайым БОТАЛИЕВА: «Менин алтын атакем»

Биздин үй-бүлөбүз үчүн, жеке өзүм үчүн ТЫНЧТЫК деген ооз учундагы кадимки колдонуучу күнүмдүк сөздөрдүн бири эмес. Дегеним Улуу Ата Мекендик согушка алтын атакем катышкан кандуу согуш, жан дүйнөнүн оорусу.
Атакем маршал К.Рокоссовскийдин кол алдында кызмат өтөгөн. 18 жаштагы жапжаш жигит 1941-жылы согуштун алоолонгон отуна туш келип, 1945-жылы согуш бүткөндө Кыргызстанга кайтып келген. Башынан, бутунан жаракат алып, айыгып кайрадан эле согуш талаасына жөнөп, өз милдетин туруктуулук жана намыстуу аткарып келген экен.
Бирок ошол ааламат, апаттуу согуштун жаңырыктары өмүр бою угулуп, жан дүйнөсүн да, ден соолугун да кыйнап келген.
Атакем мугалим болуп, андан кийин банкта кызмат кылган киши.
Өтө акылдуу, сезимдүү киши эле.
Кыргыздын эпосторун кырааты менен окуй билген, дастандарын жатка айткан адам болгон.
Сегиз баласына татыктуу тарбия берип, турмуш жолуна татыктуу адамдарды тарбиялаган.
Өкүнүчтүүсү — болгону 60 жаш гана жашап, оорунун айынан каза болгон. Атакемдин орду толгус кайгысы дале жан дүйнөмдү кыйнап, жүрөгүмдү оорутуп келет. Балдарын өстүрүп, сый-урматын көрөр кезинде жашоо менен кош айтышып кете берген.
Атакемдин руху балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө ыраазы болсун деп дайыма куран түшүрүп турабыз.

Канча ардагер калды?

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бүгүнкү 9-майда «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, согушка катышкан ардагерлердин элүү чакты гана калган.

Ардагерлердин алды 102 жашка чыкты. Ал — Бедел Максутов, Кара-Суу районунда жашайт. Толугу бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Ардагерлерге мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери айтылган.

Улуу урматтуу ардагерлер, майрамыңыздар менен!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.