ВИДЕО — «День Победы» ырды Тимур Дайрабаев кыргызчалап, ырдап чыкты

ВИДЕО — «День Победы» ырды Тимур Дайрабаев кыргызчалап, ырдап чыкты

9-май. Кыргызстандын бардык аймагында бүгүн Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө… Бишкекте  “Өлбөс полк” жүрүшү “Түштүк дарбазадан” башталып, Жеңиш аянтында жыйынтыкталды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди. Андан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ар бири менен учурашып, узак өмүр, бекем ден соолук каалап, аларды талаа ашканасына чейин коштоп барды.

Бул иш-чара эки жыл пандемияга (куураган коронавируска) байланыштуу онлайн форматта уюштурулуп келген.

Ырчы, обончу (ыр да жазат) Тимурлан Дайрабаевдин айтымында, былтыр 9-май Жеңиш күнүнө карата уюшулган “Өлбөс полк” жүрүшүнө клип даярдаган. Анда ал  «Ден победы» (сөзү: В.Харитоновдуку, обону: Д.Тухмановдуку) аттуу тарыхый ырды кыргызчалаган. Орус-кыргыз тилинде өзү ырдап тартылган.

«День победы» .

Ошондой эле Тимур «Случайный вальс». (Сөзү: Е. Долматовскийдики, Обону: М.Фрадкиндики) ырын да кыргызчалап, эки тилде ырдап да, бийлеп да чыкты.

Жеңишке 8 кγн калганда каза болуп калган Баатырыбыз…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1941-1945-жылдардагы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.  Кыргызстанда согуштун ардагеринен 50дөй эле калган. Ардагерлерге мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, Жеңиш күнүнө карата да акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери айтылган.

 Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ

P.S. Жеңишке 8 кγн калганда каза болуп калган Советтер Союзунун Баатыры Самат САДЫКОВдун тагдыры бу ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.