КИМБАЙКЕ: «Жокем экөөбүз курубузду мойнубузга салып, Мелиске кайра келдик эле…»

КИМБАЙКЕ: «Жокем экөөбүз курубузду мойнубузга салып, Мелиске кайра келдик эле…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн белгилүү акын, публицист, журналист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ дүйнөдөн өткөн күн. Байкебиз 58 жашында узакка созулган ооруудан 2016-жылдын 10-майында көз жумган. Сөөгү Бишкектин чыгыш тарабындагы көрүстөнгө 13-майда коюлган.

Жолдошбек байкебиз элге кеңири таанылган “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенип, белгилүү сатирик, карикатурист Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке) менен «Асабада» таанышып, өмүрүнүн акырына чейин дос болгон. Кимбайкебиз бир жылдан кийин (2017-жылы) досун эскерип жазган. Ошону кайталап берип турубуз. Дагы эскеребиз! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

АРХИВден…

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: «Эшимканов үч жолу кетирип, үч жолу кайра жумушка алган!» деп айтып жүрдү Жокем…»

Белгилүү журналист жана акын Жолдошбек Зарлыкбековдун дүйнө салып кеткенине 10-майда бир жыл толот экен. Көзү өткөнүнө бир жыл болуп калыптыр. Кайран Жокең…

Жолдошбек менен чыгармачыл жолубуз «Асаба» гезитинде биригип, бир топ жыл чогуу иштеп калдык. Ошол мезгилдери (1994-95-ж.ж.) «Асабанын» редактору Мелис Эшимканов мен кыйын дегендерди гезитке топтой баштаган эле. Мындайча айтканда, гезиттеги реформасын баштап калган кези болчу.

Жокең өзү Университеттин журналистика факультетине аскерден келгенден кийин тапшырып өткөн экен. Өзүнүн айтуусу боюнча, Германияда служба кылыптыр. Калп айтпасам, Дрезден шаарында эки жылдык жаштыгын керзивий өтүк менен шинелге алмаштырган окшойт. Аскердик гурзовой машинени айдаптыр болчу. «Урал» деген машине экен. Немистер көчөдөн советтик гурзовой машинени көргөндө, таракандай качышчу деп калчу…

Университетте окуп жүргөндөле, ал кездеги жаштар гезити «Ленинчил жашта» иштеп баштаптыр. Акчадан кем болбоптур. Кийинчерээк ошол кездеги олуттуу гезиттердин бири «Кыргызстан маданиятында» иштеп, Эсесер кулаганча ошол куттуу орунда кагаз-калем мыкчып отурган экен. Ал эми Эсесер кулагандан кийин, өкмөттөн баягыдай баддержка жок, жашоо кыйындай баштайт. Дал ошол маалда Мелис Эшимканов «Асабада» өз реформасын баштап калган болот…

Жокең планировкада он чакты макаласын «оптом» киргизип, ошонусу менен «тарыхта» калган жайы бар эле. «Ушунун баарын жазып үлгүрөсүңбү, йа?» деп сурайт Эшимканов анча ишене бербей. «Бүт эле берем, баарыле даяр…» дейт Жокең илбериңки жана ишенимдүү. Бирок, макалалары өз убагында текст терген кыздарга түшпөгөндүктөн, он чактынын арасынан үчөө-төртөө гана номурга илинчү. Калгандары кийинкиге калчу. Тез «бузула» турган макалалары ага да жетпей калчуле…

Бир жолу Жокемди бирөөлөр азгырып, бөлөк гезит чыгарабыз, айлыгыңар асмандын башы болот деп гезиттен «сууруп» кетишти. Мени кошо азгырышты. Төрт-беш айдай ошол жакта жүрдүк темселеп. Тиштин кирин соруп, акыры, жаңы гезиттин биринчи номуру да чыкты. Башка номуру чыккан жок, жабылып тынды. Курубузду мойнубузга салып, Мелиске кайра келдик. Мелис эр болчу. Кек сактачу эмес, эчтеме болбогонсуп кайра кабыл алды. Кийин Жокең өзү көп айтып жүрдү: «Мени керек болсо, Эшимканов үч жолу кетирип, үч жолу кайра жумушка алган!» деп. Анысы чындык болчу. Мен деле үч жолу кетип, үч жолу келгем…

«Төртүнчүсүндө» Жокең кайрылгыз болуп биротоло кетти. Кеткенине бир жыл болуп калыптыр, кайран Жокең…

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ,

“Де-Факто”, 2017-жыл

P.S. Жолдошбек Зарлыкбековдун Мелис Эшимканов тууралуу эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.