МАЕК — Индира КУРАЛБЕКОВА: «Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтыштын тандоо турунан 12 төкмө акын өттү»

МАЕК — Индира КУРАЛБЕКОВА: «Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтыштын тандоо турунан 12 төкмө акын өттү»

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана «Манас» орденинин ээси, азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан, далайдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атабыздын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

Мааракеге карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара туулган жери Таласта 15-16-майда өткөнү турат. Дал ушул иш-чаралардын башында туруп, канчадан бери даярдыктарды көрүп чуркап жүргөн Индира Куралбекова менен азыноолак маек курдук.

«Байдылда кылымга аты тең эле… Ырлардын көздөй пири эле…»

— Индира, бүгүн залкар акындын 90 жылдыгына арналган Эл аралык айтыштын тандоо туру болду. Кимдер турдан өттү?

— Ооба, бүгүн Бишкектеги «Манас» кинотеатрында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган (15-16-майда Таласта өтүүчү) кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышына тандоо туру болуп өттү.
Эң жогорку упай менен 12 төкмө акын өттү. Алар:
1. Абдылда Нуралиев (60 упай),
2. Чыңгызхан Кожошов (60 упай),
3. Турат Жумаев (60 упай),
4. Акматбек Султан уулу (60 упай),
5. Асылбек Маратов (60 упай),
6. Болот Назаров (60 упай),
7. Арген Биймырза уулу (60 упай),
8. Шайлообек Отунчиев (60 упай),
9. Кутман Садыбакасов (60 упай),
10. Нурсултан Малдыбаев (60 упай),
11. Темирбек Матыбаев (60 упай),
12. Сапарбек Зулпуев (59 упай).

— Мааракеге даярдыктар кандай жүрүүдө?

— «Байдылда деген ким эле,
Кылымга аты тең эле .
Көөнөрбөс талант ыр менен,
Дайрадай пейли кең эле.
Ыргалткан сезим ышкысын,
Ырлардын көздөй пири эле» деген ыр саптарымда айтылгандай, ырлардын пири Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленип жатканына кубанычтамын. Мааракелик иш-чараны, буйруса, Таласта өткөргөнү турабыз. Бир катар иштер кылынып калды, белгиленген убакытка саналуу гана күндөр калып, даярдыктардын ылдамдыгын дагы да тездетип жатабыз.
— Маараке башын Байдыкебиздин кичи мекенинен баштаган жаткан турбайсыңарбы?

— Ооба, иш-чаранын биринчи күнү залкар акыныбыздын киндик каны тамган жери Бекмолдо айыл өкмөтүндө өтөт. Айыл өкмөт башчысы, айыл депутаттары менен жолугуштум. Байдылда атабыздын уул-кыздары жасатып жаткан эстелиги Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына орнотулат. Ал жерде төкмө акындарыбыз төгүп, шайыр апаларыбыз обон созуп — элибиз үчүн чоӊ маданий майрам болот, Кудай буйруса.

Болжол менен түштөн өтүп Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эл аралык айтыштын биринчи айлампасы башталат. Эртеси — 16-майга илимий-практикалык конференцияны пландадык. Ошондой эле, президентибиз Садыр Жапаров 2022-жылды «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыялабадыбы, ага ылайык, маданият өкүлдөрү менен чогуу бак отургузганы турабыз. Андан кийин айтыштын финалына катышабыз. Ошону менен алп акыныбыздын 90 жылдыгына арналган иш-чара жыйынтыкталат.
— Бир Бишкек, бир Талас болуп тынымсыз чуркап жүргөнүңөн, мындай иш-чара идеясы сеникиби деп калдым. Же мамлекеттиби?

— Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин быйыл өткөрүү иш-чарасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин иш планында бар экен. Андан тышкары, Бекмолдо айыл өкмөтү да иш-чара өткөрүүнү пландап жатыптыр. Мен дагы өз идеямды айттым, «акындын ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап эле тарап кетпейли, жогорку деӊгээлде өткөрөлү, мындай иштерди жасайлы» депчи. Пландарымды алгач “Айтыш” коомдук фондунун теӊ төрагасы Асылбек Маратовго, манасчы Азиз Баймырза уулуна айтсам, колдоп, ой-пикирлерин да айтышты. Алп акыныбызга арналган иш-чараны татыктуу өткөрөлү деп чогуу-чаран бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргызымдын мыкты жигиттери бар, алар турганда иш-чараны жакшы өткөрүп алабыз деп ойлойм.

Манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар, жазма акындар, дегеле чыгармачыл адамдардын ар биринин өнөр-шыгына, талант көрөңгөсүнө таазим кылам. Аларсыз канча өнөрүбүздүн учу үзүлүп калмак. Тээ байыркыдан келаткан чоӊ улуттук өнөр дүйнөбүздү кийинки муунга жеткирип келатышат. Не деген залкарларыбыз жашап өткөн, канча өнөр казынасын таштап кетишти! Учурда кандай таланттарыбыз бар! Улуу мурасыбыз кемип-бөксөрбөй, толкуп-ташып сакталып жатканына сыймыктанам!

— Уюштуруу иштеринен тышкары, эс алганга убакыт табылып жатабы деги?
— 24 саат жумуштамын дебейм, албетте. Эс алганга убакыт бөлүп жатам. Жакында эле Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында Кыргыз эл акыны, Мамлекеттик Гимнибиздин авторлорунун бири, белгилүү драматург Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде даярдалган «Төлгө» спектаклине барып, руханий эс алып, ыраазы болуп кайттым. Спектаклдин режиссеру театрдын көркөм жетекчиси, актер Назым Меӊдебаиров экен. Мыкты режиссерлор ордун баскан жигиттерибиз бар экенине кубанып, сахнада роль жараткан артисттерибиздин талантына баа бердим. Кыргыз драма театрынынын сахнасында Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Бакирдин Алиев … кандай корифейлер, кандай гана залкарлар ойноп өткөн!
— Чынын айтсам, өнөр дүйнөсүнүн мынчалык катуу күйөрманы экениңди мурда билбептирмин…

— Мамлекеттик кызматтан бошодум жакында эле. Бар убактымды улуттук өнөр-маданиятыбызга арнасам, өнөр жаатында нукура кыргыз мектебин ачсам деген изги тилегим, кыял-максатым бар. Төкмө акындарыбыз Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев түптөп кеткен кандай сонун “Айтыш” мектеби бар! Учурда жаштардын устаттары Замирбек Үсөнбаев, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, андан кийинки нускалуу көчтү улап Асылбек Маратов, Кубат Тукешов, жаш Элмирбек Иманалиев, Темирбек Матыбаев – төкмөлөрүбүздөн уучубуз куру эмес өсүп жатканына сүйүнөм. Мектеп ачсам дегеним — улуттук улуу өнөр дүйнөбүздү унутта калтырбай, өнөр адамдарынын таланттарын, өнөр ааламын жайылтууга, кийинки муунга таанытууга кол кабыш кылсам деген тилекти карманып жатам. Ошол аруу тилектин үстүндө иштеп атам. «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп Байдылда Сарногоев атабыз айткандай, кыргыз болуп келип, кыргыз болуп өтөлү!

— Байдылда Сарногоевдин мааракесине байланыштуу иш-чараларга баш көз болуп жатканыңа караганда, демек поэзия дүйнөсүнө да камкордук кылат турбайсыңбы? Байдылда Сарногоевдин ырлары менен тааныштыгың качан башталган?
— Кыргыз акын, жазуучулардын чыгармаларын бала кезден эле көп окудум. Китепканаларга көп бардым. Залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун китептеринин дээрлик бардыгын окуп чыккам. Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев, Мидин Алыбаев, Төлөгөн Касымбеков, Салижан Жигитов — кыргыз адабиятынын чыгармачыл адамдарынын баарынын китептерин окудум. Мамлекеттик иштен чарчап келсем да китептин жок дегенде 5-6 барагын окуп, анан уктачумун. Учурда экс-депутат Каныбек Иманалиевдин «Саякбай» аттуу китебин окуп жатам. Акыркы учурларда айтышка назар салып, кызыгып жүрөм. Айтмакчы, азыр заманга жараша көбүбүз электрондук вариант дегенге көп ыктап жатпайбызбы, негизи, Чыӊгыз атабыз: «Жаштар! Китептин тагдыры силердин колуӊарда. А силердин тагдырыӊар китепке байланыштуу. Китепти сүйгүлө, китепке жакын болгула!» дегендей, китеп кармап, китеп окугандагы сезим башкача болот. Кадимкидей окуяларга аралашып жүргөндөй сезим китеп барактаганда гана туюлат. Анткен менен, жаштарыбызды, мейли электрондук болсун, жакшысы китеп сатып алып окууга чакырат элем.

— Байдылда Сарногоевдин ырларынан айрыкча жактырганың барбы? Балким жатка да билерсиӊ?
— Жогоруда айткандай, Байдылда Сарногоевдин ырларына бала кезден кызыгып, бала кезден таанышмын. Мыкты-начар деп бөлбөйм, антип ылгай да албайм. Анткени бул акыныбыздын ырларынын баары мыкты. Ал эми мен жатка билген ырлары… көп эле.

Жаман менен жакшыны аӊдап билген, аларды элестүү да, таасирдүү да ырга салган, кыргыздын сейрек жаралчу акыныбыздын 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө кол кабыш кылып жатканыма сыймыктанам. 100 жылдык иш-чарасын дагы өткөрөбүз деген үмүттөмүн.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

One thought on “МАЕК — Индира КУРАЛБЕКОВА: «Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтыштын тандоо турунан 12 төкмө акын өттү»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.