Султан РАЕВ: «Бурсада «Манас жумалыгын» өткөрөбүз. Бул Улуу эпосту даңазалоонун жаңы барагын ачат»

Султан РАЕВ: «Бурсада «Манас жумалыгын» өткөрөбүз. Бул Улуу эпосту даңазалоонун жаңы барагын ачат»
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, драматург, Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды: 
— Түрксой эл аралык уюму бүгүн жалпы түрк дүйнөсүнүн кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө симпиозумун өткөрдүк. Кыргызстандан колунан көөрү төгүлгөн мыкты уста-чеберлер келди…
Эртең түрк дүйнөсүнүн улуттук ЮНЕСКО комиссия төрагаларынын жыйынын өткөрөбүз. Бир топ олуттуу маселелерди кароо алдында турабыз. Келерки жыйынды өлкөбүздөгү ЮНЕСКОнун материалдык дүйнөлүк мурастар тизмесине “Сулайман-Тоо Ыйык Тоо” номинациясы менен кирген Оштогу Ыйык Тообузда өткөрүү сунушун коем. Улуттук жалгыз обьектибиздин абалы, сактоо жана өнуктүрүү кандай жүрүп жатканын талкуулоо менен бирге, Түрк дүйнөсүндөгү материалдык мурастар жагдайында сөз козгойбуз. Мындай кадыр-барктуу жыйын алгач ирет өткөнүү турат. Ошондой эле эмки жылы Түрксой эл аралык уюмунунун 30 жылдыгына карата “Түрксой күнүн” ЮНЕСКОдо (Парижде), БУУда ( Нью-Йоркто) өткөрүү маселесинин үстүнөн иштөө оюбузду билдиребиз.
Түрк дүйнөсүнүн 2022 — Маданий Борбору Бурсада “чуу” дегенде эле “Баарын коюп Манасты айт…” Манас жумалыгын өткөрөбүз. Бул аракетибиз Улуу эпосту даңазалоонун жаңы барагын ачат. Кыргызстандан жоон топ манасчыларыбыз катышат. Алардын катарында белгилүү манасчы Рыспай Исаков бар. Рыспай манасчынын туулган күнү кут болсун! Манас менен оозанып, Манас менен жашаган, Улуу Сөздүн урпагы улут уютку рухунун улуу кербенин татыктуу улай берсин!..

ТҮРКСОЙ качан түзүлгөн жана эмне иш кылат?

Эске сала кетсек, Султан Раев Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы болуп быйыл, 31-мартта дайындалган. Бул кызматка чейин ал (2020-жылдан бери) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенген.

Эл аралык Түрк маданияты уюмуна (ТҮРКСОЙ) Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия мүчө. Аталган мамлекеттин маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барат жана ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ЮНЕСКО, ИСЕСКО менен кызматташат. Мындан тышкары, көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташтык боюнча иш-чараларын жүргүзөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.