ВИДЕО- Депутат Руслан Жакышов жол маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Колдойбузбу?

ВИДЕО- Депутат Руслан Жакышов жол маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Колдойбузбу?

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму болуп, анда күн тартибиндеги бир катар долбоорлор каралды.

Парламенттик жыйында Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары Руслан Жакышов элдин көйгөйлүү маселесин айтып, жакшы демилге көтөрдү. Депутат жакында эле Талас облусуна иш сапар менен барып келгенче Бишкек-Талас (Өтмөк, Тоо- Ашуу, Талас, Суусамыр) жолундагы жол азабын (жолдор тешилип, чуңкурлардын азабынан машиналардын дөңгөлөгү жарылып жол четине чыгып, айдоочулар да, жүргүнчүлөр да азап тартып турганын) өз көзү менен көрүп келгенин, бул маселе учурда социалдык тармактарда да кызуу талкууланып жатканын баса белгилеп, тез арада чечүү керектигин билдирди. Ошондой эле, ал жол көйгөйү бир эле Талас-Бишкек жолунда эмес, мындай көйгөйлөр Кыргызстандын бардык аймактарында бар экендигин айтты.

«Жайы менен эле жолдорду асфальттап иштешет. Кыштан өтүп эле жазга чыкканда жолдор бузулуп жатат. Мына, акыркы эле бир мисалды алсак, Баткен облусунун жолу асфальтталган, кайра бир нече убакыттан кийин асфальттын үстүнө чөп чыгып калбады. Бул жоопкерсиздик, кайдыгерлик!» деп кейип, президенттин өкүлүнө тийиштүү министерстволордун жетекчилерине протоколдук тапшырма берүүсүн жана жол маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Колдойбузбу?..

ВИДЕО

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.