Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Түркиядагы симпозиумга катышууда…

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Түркиядагы симпозиумга катышууда…

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ушул күндөрү Түркия Мамлекеттик Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 154-жылдыгына жана административдик юрисдикция күнүнө арналган « Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдөгү административдик сот өндүрүшү”  симпозиумга катышууда. Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айбек Давлетов жана Бишкек шаарынын административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова бар.

Иш-чаранын ачылышында Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайып Эрдоган, Администрациялык сотунун төрагасы Зеки Йигит, Түркия Парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа сөз сүйлөштү. Түркия Республикасынын Башкы прокурору Бекира Шахина жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин Уюмга мүчө-өлкөлөрүнүн делегацияларынын расмий өкүлдөрү да катышып, жолугушууларды өткөрдү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков аталган симпозиум Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн укуктук системалары менен таанышуу жана административдик юрисдикцияга тиешелүү маселелер боюнча тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтча экендигин белгиледи. “Мындай иш-чаралардын алкагында топтолгон тажрыйба кызыктуу, келечектүү жана актуалдуу чечимдерди сунуштайт, бул мындан ары мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун кепилдиктерин бекемдөөгө шарт түзөт. Симпозиумдун иши биздин соттордун ортосундагы конструктивдүү жана ишенимдүү диалогдун уландысы болооруна терең ишенем”, — деди Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетүүчү жагдай, симпозиумдун алкагында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айбек Давлетов “Кыргыз Республикасындагы административдик юрисдикциянын орду” деген темада, ал эми Бишкек шаарынын административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова “Кыргыз Республикасынын укук системасы менен таанышуу” темасында докладдар менен чыгышат.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.