60 жыл комуз черткен Самара Токтакунова ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды. Куттуктайбыз!

60 жыл комуз черткен Самара Токтакунова ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды. Куттуктайбыз!
Үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин, «Даңк» медалынын ээси, СССР жана Кыргыз Эл артисти, белгилүү, залкар комузчу Самара Токтакунова ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, сыйлыкты министр Азамат Жаманкулов залкар комузчу эжебиздин кечээ. 11-майда тапшырган.
Ошондой эле маалыматта, сыйлык 25- апрель «Салттуу музыка күнүнүн» алкагында ыйгарылып, улуттук салтуу музыка өнөрүнө кошуп жаткан жигердүү салымы жана түрк дүйнөсүнүн маданиятынын сактоого жана өнүктүрүүгө болгон барандуу салымынын негизинде тапшырылганы жазылган.
Сыйлык — сиздики, сыймык — биздики. Куттуктайбыз!

ТҮРКСОЙ качан түзүлгөн жана эмне иш кылат?

Эл аралык Түрк маданияты уюмуна (ТҮРКСОЙ) Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия мүчө. Аталган мамлекеттин маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барат жана ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ЮНЕСКО, ИСЕСКО менен кызматташат. Мындан тышкары, көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташтык боюнча иш-чараларын жүргүзөт.
Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы болуп быйыл, 31-мартта Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раев дайындалган.

60 жыл комуз черткен залкар комузчубуз…

60 жыл (1972-жылдан бери) кыргыздын улуттук аспабын — комузду аздектеп чертип, дүйнө жүзүнө таанытып келаткан Самара Токтакунова эжебиз 9-мартта 77 жашка толду. Ал 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Эжебиздин (кайсы бир маегинде) айтымында, ата-энесинин өнөрүн улап кеткен кыз. Атасы комузда, апасы ооз комузда мыкты ойногон. Мектепти аяктагандан кийин апасы кызын андагы Фрунзе, азыркы Бишкектеги музыкалык окуу жайдын комуз бөлүмүнө тапшырткан. Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов аттуу залкарлардын күүлөрүн черткен секелек кыз 60 жыл оркестрде ойноп, дүйнөнү түрө кыдырган. КМШ өлкөлөрүнөн сырткары, Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, АКШ, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган.

«Камбаркан» фольклордук тобунун негиздөөчүсү Чалагыз Исабаевге турмушка чыгып, 26 жыл бирге өмүр сүргөн. Жолдошунан 1991-жылы ажыраган. Жол кырсыгынан каза болгон агабыздын артында эки уулу калган. Актан Исабаев эстрада ырчысы, Аслан Исабаев скрипка боюнча сабак берет.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.