Ашыраалы АЙТАЛИЕВ: «Санааркайт дымый түшсө анча-мынча, Эл сагынып эми качан ыр жазат деп»

Ашыраалы АЙТАЛИЕВ: «Санааркайт дымый түшсө анча-мынча, Эл сагынып эми качан ыр жазат деп»
Улут сыймыгы болгон алп акыныбыз Байдылда Сарногоевдин көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Мааракеге арналган ар кандай иш-чаралар өтүүдө.
Биздин сайт (alakan.biz) болсо «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, эл арасына эстафета уюштуруп, колдоо таптык. Биздин сайттын редакторунун орун басары, журналист Салима Салиева (Жакшылык кызы) мындай демилгени «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, ал социалдык желедеги бир катар инсандардын атын белгилеп эстафетаны узаткан.
Саамалыктын башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берген. Ал 12-майда кабинетинде отуруп, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан бул ырды көркөм окуп берген:
«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн…
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн!»
Эстафета шарты боюнча Руслан мырза ыр окуу кезегин кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан. ВИДЕО. 
Акындарыбыз эстафетаны кабыл алып, жооп берип, ыр учугун узатышты, Жыргалбек Касаболотов Улуттук Жазуучулар союзунун жетекчиси Нурлан Калыбековго, Шабдан Сулайманов Акбар Жанышбековго узатты. Биз баалап. урматтаган акындарыбыз тууралуу кененирээк маалыматты сайтыбыздан бүгүн окуй алайсыздар!

«Гений төкмө акындын гений жазма акынга арнаган ыры»

Айтылуу Ашыраалы Айталиевдин небереси Азиз Бөлөкбаев демилгебизди колдоп, «Фейсбуктагы» баракчасына чоң атасынын ырын жайгаштырып, мындай деп жазды:
Салима Салиеванын (Жакшылык кызы) демилгесин колдоп, Байдылда Сарногоев атабыздын юбилейин утурлай, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Жазуучулар союзунун мүчөсү, залкар төкмө акын, обончу, дастанчы Ашыраалы Айталиев атабыздын «Байдылдага» деген ыр саптарын арнап кетейин деп чечтим…. Гений төкмө акындын гений жазма акынга арналган куттуктоосуна көңүл буруп коюңуздар…
Окудум күткөн ойду санаамдагы,
Кубанып жалпы кыргыз адамдары.
Кут болсун алган сыйың Эл акыны,
Элпек тил элге жаккан «жаман сары».
Аз болот өзгө жаккан, жатка жаккан,
Алтындай ар бир сөзү калкка жаккан.
Сенсиң иним кыргыздагы «жаман сары»,
Ыр менен ышкыланып сүрөт тарткан.
Бакендин жазган ырын ырдашат көп,
Китебин аяр кармап сыйлашат көп.
Санааркайт дымый түшсө анча-мынча,
Эл сагынып эми качан ыр жазат деп.
Сорногойдун кулуну Байдылдасың,
Манас жери Ала-Тоо айылындасың.
Элүүдөн ашкан кезиң акыл-эс жык,
Эми иним күүлүү канат кайрылбасын.
Ашыраалы атабыздын байбичеси Наиля апабыздын эмгегин баалап, айткандарын ар дайым аткарып, акыл-кеңешин угуп, чоң атасына тиешелүү бардык иш-чараларга активдүү катышып келаткан Азиз мырзага алкыш! Мындай неберелер жокко эсе… Биздин демилгени да колдоп, биз билбеген залкар чоң атасынын алп акынга арнаган ырын жарыялаганына ыраазычылык билдиребиз!
Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ
P.S. Азиз Бөлөкбаевдин чоң атасы тууралуу маеги бу ШИЛТЕМЕде.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.