Малик Аликеев комуз менен ырдап эстафетаны акын Кыялбек Урманбетовго узатты

Малик Аликеев комуз менен ырдап эстафетаны акын Кыялбек Урманбетовго узатты

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Эстафетанын кербени тыным албай уланууда…

Белгилүү акын Мая Осмонкулова эжебиз көп тараптуу уланган саамалыгыбыздын бир башатын ачып, «ыр окуу кесесин» бүгүн эртең менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, атактуу ырчы Малик Аликеевге узатты эле, мукам үндүү агабыз убакытты созбой, дароо кабыл алып, Мая эжебиз өзү окуган Байдылда атабыздын «Эсен бол» аттуу ырын «Малик комуздун коштоосунда ырдап да берер» деген өтүндү эле, ал өтүнүчүн да керемет аткарып ырдап берип, андан нары кезекти Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетовго узатып салды…

Малик АЛИКЕЕВ: «Бар болгун бажырайган карындашым!»

Малик агабыздын чагылгандай тездиктеги мамилесине ыраазы болуп, телефондон байланышып ыраазычылыгыбызды айтып, «Таластын каеринен тартылгансыз» деп чоо-жайын сурап калсак: «Айылдан Талас шаарына жумуштап келгем. «Фейсбукту» ачсам эле акын Мая эжем эстафетаны мага узатыптыр. Ушундай кубануу менен кабыл алып, дароо аткара салайын десем, жанымда комузум жок, шашылыш Ак үйдүн жанындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык окуу жайга барып, комуз сурап, ырдап тартыла салдым. Бул ыр дайыма менин жаштыгымды эске салат. 88-жыл эле… Байдыкенин бул шедевр ырына мыкты композитор Түгөлбай Казаков агабыз обон салып, «Сен ырда!» деп мага берген. Бул ырдын бет ачарын мен кылгам. Элге абдан жагып, сиңип кетти. 34 жылдан бери ырдалып келатат. Жакшы ырдын өмүрү ушинтип узун болот. Байдыкенин шедевр ырларын кийинки муунга ушундай жол менен жеткирүү керек! Эң жакшы саамалык баштапсыңар, ыраазычылык билдирем», — дейт булбул үндүү ырчы агабыз.

ЭСЕН БОЛ

Сөзү: Байдылда САРНОГОЕВдики

Обону: Түгөлбай КАЗАКОВдуку 

Көп кыздын арасында өзүң гана,
Көктөгү жанып турган Чолпон элең.
Кокустан кир жугузуп аламбы деп,
Колумду тийгизгенден коркоор элем.
Көп кыздын арасынан балбал жанып,
Көздөрүң күйүп турган жакут эле.
Агай деп акак тишиң жаркыратып,
Мен үчүн бир жүргөнүң бакыт эле.
Жактырдым мөлтүр булак сезим менен,
Сезимди сездирбедим көзүм менен.
Тили жок махабатым ичте калды,
Дүйнөдө ким бар дейсиң өкүнбөгөн…
Жаш кезде кимдер гана жаңылбасын,
Жанымда жок болсоң сен жанымдасың.
Эңсесем эми сени көрмөк кайда,
Эсен бол кайда жүрсөң карындашым эй, карындашым.
Мен сени, бирок, сага жетмек кайда,
Бар болгун бажырайган карындашым эй, карындашым!

Акындын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы!

Эстафетанын башын баштап берген Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышовго, аны улап кеткен белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотовго, Шабдан Сулаймановго, Нурлан Калыбековго, Атахан Кожогуловго, Мая Осмонкуловага, Кайыргүл Надырбековнага жана эркин журналист Айчүрөк Борукеевага, айтылуу Ашыраалы Айталиевдин небереси Азиз Бөлөкбаевге өзүмдүн жана эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдирем! Бул да болсо залкар акыныбыз Байдылда Сарногоевге болгон сый-урматыңыздар. Ар бириңиздерге ыраазычылык билдирип, убагында жазууга үлгүрбөй калдык, ал үчүн кечирим сурайм! Бирок, жазабыз!
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун« деп Эрнисим жазгандай, залкарлар болгон, болот, бар. Алар Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, эч качан унутулбайт, аты өчпөйт! Дайыма сиздердин (биздин) эскерүүлөрүңүздөрдө жашайт. Ушинтип ырын окуп, ырдап, акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы!
Бар болгула, дайыма биздин сайт менен дайыма бир болгула, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

One thought on “Малик Аликеев комуз менен ырдап эстафетаны акын Кыялбек Урманбетовго узатты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.