ВИДЕО — Акын Кайыргүл Надырбекова эстафетаны опера ырчысы Чынар Амираевага узатты

ВИДЕО — Акын Кайыргүл Надырбекова эстафетаны опера ырчысы Чынар Амираевага узатты
Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Эстафетанын кербени тыным албай уланууда…
Биздин демилгени колдогон акын, «Данакер-Лингво» маданий—илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү Кайыргүл Надырбекова (Сулуукыз Калчаева) Байдылда атабыздын «Жаштарга» аттуу ырын окуп, опера ырчысы Чынар Амираевага узатты.

ЖАШТАРГА

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

«Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда».
Турмушка өспөс из калтыр,
Туягың бүтүн учурда.

ВИДЕО

Буга чейин акын эжебиз «Кыргыз Эл акыны БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВдин 90 жылдыгына карата» деп Байдылда атабызга арнап «Токсон жашы» аталышта ыр жазган.

ТОКСОН ЖАШЫ

Жыйын болсо тамаша ыр окулуп,
Жылмайдыра күлбөгөндү күлдүргөн.
Тамаша чын жылма сөздөн баштаса,
Жеп ичкенди тызылдата күйдүргөн.
Жөн жүрбөгөн акындардын «жаманы»,
Жалпы журттун жүрөгүнө түнөгөн.

Курдаш болуп алп жазуучу Чыңгызга,
Куйкум сөзүн ырларына кыстарса
Калк ичинде муундан муунга айтылып,
Калган экен макал болуп тамаша.
Кылым өткөн артка эми кайрылбас,
Кыргыз үчүн дале тирүү, БАЙДЫЛДА.

Жогорулап жашоодогу жолдору
Жон таянып ашуу ашып өтөөрдө
Жоопту алып берген экен отчётту,
Өмүр жашы турган кезде өткөөлдө.
Опол тоодой ЭЛИ баалайт эмгегин,
Тосуп алып токсон жашын көктөмдө.

Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА

Эстафетанын башын Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов баштап берген.

Байдылда атабыздын ырын созгон Малик Аликеев:

Даярдаган Нази БАЯН кызы

 

 

.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.