Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Өмүргө келээр көп акын, Бирок, өзүңдөй болбос бир дагы»

Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Өмүргө келээр көп акын, Бирок, өзүңдөй болбос бир дагы»

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган Талас облусундагы иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,  «Манас» театры,  «Айтыш» коому биргеликте уюштурду. Бек-Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына залкар акындын уул-кыздары жасаткан Байдылда Сарногоевдин бюсту тургузулду.  Бюсту ачуу аземине маркумдун уулу Бахтияр Байдылда уулу, Маданият министри Азамат Жамангулов, Кыргыз Эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев, кыргыз-казак акындары жана айыл тургундары катышты. Маданият министр менен акындар бак отургузушту. Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эки күн (15-16-майда) эл аралык айтыш болуп өттү. Айтышка калыс болгон Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов бюсту ачуу аземинде сүйлөп, Байдылда атабыздан ажыраганда жазган ырын окуду.

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНДАГЫ ЫР

Падыша мейли кайырчы,

Баарына бирдей караган.

Ырыска шерик калкына,

Ырлары желдей тараган.

Барса келбес жөнөдү,

Байдылда деген жан агам…

Тай кезинен таланттуу,

Тар жерде ырдап тапчу эле.

Даана кызып калганда,

Таластай толкуп акчу эле.

Тиригарак бир топтор,

Тийишмек болсо жакшы эле –

Тилдерин кайрып тилине

Тийгизбей оозун жапчу эле.

Айтканы калган айткандай,

Акындын жөнү башка эле.

Сыйлыкты уруп койбогон,

Сыймыгын элдин ойлогон.

Наамды уруп койбогон,

Намысын элдин ойлогон.

Уй, койдун ырын ырдаган,

Уңгулуу элде жыргаган.

 Улутчул дешип ургандар,

Сындырчу жерде сынбаган.

Тулпардай кайра туйлуган,

Турдакунду урбаган.

Билими тайкы бийликке

Бир дагы таазим кылбаган.

Күнү-түн дебей ырынан,

 Күлүңдөп күндүн табы урган.

От болуп күйүп жалындап,

 Окуган кайра сагынган.

Жомоктой сырга кабылып,

Жоголгон кайра табылган.

 Жарышты көрсө элирген,

Жаңшанып түшкөн Теңирден.

«Ак калпак» деп элине,

Калпактай ыйык көрүнгөн.

Кыргыз деп кылым акканым,

Кыярбас ырды жазганым.

Кайталанбс, жыртылбас,

Жылдызы толо асманым.

Кабылбай ар кыл агымга,

Кайнаткан ырын канында.

Чайпалбас, деги төгүлбөс,

Деңиз сен кыргыз барында…

Гүл десем – эртең кыярат,

Тоо десем – бир күн кулаары ак.

Сен элге бүткөн өмүрсүң,

Өмүрлөр бүтпөй уланат…

Туткасың кармаар туудагы,

 Тунук өт сенсиң куудагы.

Кут чачып элде жашайсың,

Кудурет болуп ырдагы.

Өмүргө келээр көп акын,

Бирок, өзүңдөй болбос бир дагы.

Кыргыз Эл акыны Анатай ӨМҮРКАНОВ

Индира КУРАЛБЕКОВА: «Айтыш кербени» уланат»

Уюштуруу комитетинин төрайымы Индира Куралбекованын айтымында, «Айтыш кербени» эстафетасын өрүкзарлуу Баткенге узатылды. Эстафетаны иш-чарага катышкан Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков алып кетти. Айтыш Баткенде, июлдун аягында болот.  «Ата-бабадан бери келе жаткан улуу өнөрдү кийинки муунга жеткирүү жана чыгармачыл адамдардын кадыр-баркын көтөрүү максатта, айтышты жети облуста өткөрөлү деп чечтик«,-дейт Индира айым.

Эске сала кетсек, Байге фонду бир миллион сомду түзгөн Таластагы айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу жеңип алган. Ал эми Казакстан келген 4 төкмө акындын (Нұрлыбек Құрманов, Дидар Апбасов, Нұрғали Әнапия, Айтуған Жетебаев) бири — Нұрлыбек Құрманов финалга өтүп, 3-орунду ээлеген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.