Индира КУРАЛБЕКОВА: «Айтыш кербени» эстафетасы өрүкзарлуу Баткенге кетти. Кудай буйруса, айтыш 7 облуста өтөт»

Индира КУРАЛБЕКОВА: «Айтыш кербени» эстафетасы өрүкзарлуу Баткенге кетти. Кудай буйруса, айтыш 7 облуста өтөт»

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,  «Манас» театры,  «Айтыш» коому биргеликте Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараны Талас облусунан башташты. Уюштуруу комитетинин төрайымы Индира Куралбековага кайрылып, иш-чаранын жыйынтыгын жана уландысын сурадык.

Жогорку деӊгээлде өткөн иш-чара тууралуу Индира айым буларды айтты:

Эки күн бою айтылуу айкөлдүн эли, алаамга Манасы менен Чыңгызын чыгарган, кут даарыган Талас элине чоң маданий майрам тартуулап, атадан балага, агадан иниге, муундан муунга, кылымдан кылымга өтүп келе жаткан улуу өнөрдүн башы болгон Айтыштын салтанатын куруп, тоо булбулундай шаңшыган төкмө акындарыбыз улуу элге урмат кылып, таланттарын тартуулашты. Мындай иш-чарага Кыргыз Эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Курманалиев, кыргыз-казак төкмө акындары, Маданият маалымат жаштар саясаты спорт министри Азамат Жаманкулов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, бир канча шаар мэрлери келип катышышты. Иш-чара залкар акыныбыздын киндик каны тамган жеринен башталды. Бек-Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына залкар акындын уул-кыздары жасаткан бюсту тургузулду. Маданият министри Азамат Жамангулов кыргыз-казак акындары менен биргеликте бак отургузду.

Ошондой эле, Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эки күн эл аралык айтыш болуп өттү. Кудайым буйруса, айтыш уланат. «Айтыш кербени» эстафетасын өрүкзарлуу Баткенге узаттык, эстафетаны иш-чарага келген Жаныбек Исаков алып кетти. Кудай буйруса, Айтыш өнөрү Баткенде, июль айынын аягында болот. Баткендеги туугандарыбыз менен чоң салтанат курабыз. Айтышты жети облуста өткөрөлү деп бел байладык, Максатыбыз — ата-бабадан бери келе жаткан улуу өнөрдү кийинки муунга жеткирүү жана чыгармачыл адамдардын кадыр-баркын көтөрүү.

Дагы бир кошумчалап, аттарын баса белгилей кетчү нерсе, атыр жыттуу Таласымдагы иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүгө салымдарын кошкон инсандар. Кыргыз, улут деп күйүп-жанган ушундай асыл адамдар: калыстар тобу
(Түгөлбай Казаков, Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев, Мээрим Көлбаева, Замир Баялиев) жана төкмө акындар, Азамат Жаманкулов, Асылбек Маратов, Азиз Баймырза уулу, Темирбек Матыбаев, Бурмагүл Чабдарова, Райкан Алканов, Кайрат Иманалиев, Айбек Упенов, Самат Жумалиев, Станбек, Нурбек, Акыл мырза, Салтанат Азизовнага жана силердин «Алакан» сайтынын жетекчиси Назира Саалиева жана эмгек жамаатыңарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздер колдоп, чоң тилектештикти көрсөтүп, биримдикти бекемдедиңиздер! Бар болуңуздар! Сиздердей жакшы адамдар бар үчүн өнөр өлбөй жашап келет. 

Эске сала кетсек, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу жеңип алган. Ал эми Казакстан келген 4 төкмө акындын (Нұрлыбек Құрманов, Дидар Апбасов, Нұрғали Әнапия, Айтуған Жетебаев) бири Нұрлыбек Құрманов финалга өтүп, 3-орунду ээлеген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.