Депутат Нуржигит Кадырбеков залкар акындын арзуу ырын окуду… Ал эстафетаны кимге узатты?..

Депутат Нуржигит Кадырбеков залкар акындын арзуу ырын окуду… Ал эстафетаны кимге узатты?..

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган мааракени утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, акын-жазуучу, ырчы, депутаттар, дегеле, окурман журтубузга социалдык тармактарга  эстафета саамалыгын алып чыктык эле, бул демилгебиз коомчулукка жагып, колдоо тапты.

12-майда башталган саамалыктын башын алгачкылардан болуп ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берген. Ал эстафетаны кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан.

Эл өкүлү эстафетаны кимдерге узатты?

Жогорку Кеңештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков эстафетага бүгүн, 18-майда жооп берди. «Айтылуу акын атабыз Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата анын ыр саптарын окуу эстафетасын мага кесиптешим, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышев узаткан. Байдыкемдин жоргонун жүрүшүндөй шыдыр саптарын ыр белек кылып, эстафета-аманатты кесиптештерим Нурлан Шакиевге, Замирбек Мамасадыковго,, Мирлан Самыйкожого жана көркөм сөз чебери Раимжан Курбановго узатам»,-деди депутат.

90 жылдыкка карата 90 адам 90 ырын окуйт…

Белгилей кетсек, залкар акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлөт, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому бар. Ага чейин каалоочулар алп акынга арналган ар кандай иш-чараларды өткөрө беришмекчи. Кайталангыс, таланттуу тарыхый инсандарды эскерүү жакшы жөрөлгө. Ошондой жакшы жөрөлгөнүн бири Талас облусунан башталды. 15-майда Бек-Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына залкар акындын уул-кыздары жасаткан бюсту тургузулду. Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эл аралык айтыштын биринчи айлампасы болуп өтүп, ага 12 төкмө акын катышты. Финалга кыргыздардан 8, казактардан бирөө өттү. Байге фонду бир миллион сомду түзгөн айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу жеңип алды. Ал эми Казакстан келген 4 төкмө акындын (Нұрлыбек Құрманов, Дидар Апбасов, Нұрғали Әнапия, Айтуған Жетебаев) бири — Нұрлыбек Құрманов финалга өтүп, 3-орунду ээледи. Баткен облусунун губернатордун орун басары Жаныбек Исаков «Айтыш кербени» эстафетасын өрүкзарлуу Баткенге алып кетти. Эмки айтыш Баткенде өтөт.

Ал эми биздин сайт болсо, 90 күн Байдылда атабыздын 90 ырын 90 кишиге окуталы деп тилек кылып турубуз. Балким, андан ашып кетет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.