ВИДЕО — Байдылда Сарногоев менен Мидин Алыбаевдей болгон достордун окуган ырлары…

ВИДЕО — Байдылда Сарногоев менен Мидин Алыбаевдей болгон достордун окуган ырлары…

90 жылдыкты утурлай…

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлөт, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому бар. Ага чейин каалоочулар залкар акынга арналган иш-чараларды жыл башынан бери өткөрүп келатышат. Кайталангыс, таланттуу тарыхый инсандарды эскерүү жакшы жөрөлгө. Ошондой жакшы жөрөлгөнүн бири Талас облусунда башталды. Мааракелик иш-чара 15-16-майда болуп өттү: Бек-Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына залкар акындын уул-кыздары жасаткан бюсту тургузулду. Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эл аралык айтыш болуп өтүп, Баткен облусунан келген конок, губернатордун орун басары Жаныбек Исаков «Айтыш кербени» эстафетасын өрүкзарлуу Баткенге алып кетти .

Ыр окуу эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (Алакан биз — alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Кудай жалгап, эстафетанын кербени тыным албай уланууда…

Эстафета башын Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов баштап берип, эстафетаны 4 адамга (кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана мыкты акындар, достор Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго) узаткан. Акындарыбыз дароо кабыл алып, эртеси эле жооп кылып, эстафетаны андан ары узатышкан.

Мыкты акын, котормочу, журналист, учурда Түркияда иштеп жаткан кесиптешибиз Жыргалбек Касаболотов Байдылда Сарногоевдин «Карга жана Мен» аттуу ырын окуп, Жыргалбектин Даосу, менин Эрнисимди эске салды…
КАРГА ЖАНА МЕН
Коштошуп алыс жактарга,
Коңур күз сапар тартканда.
«Кожоюн» болуп шаарга,
Кошулуп жааган ак карга.
Булбулдун булгап бутагын,
Каргалар конот бактарга.
Караңгы тартып айлана,
Агарат жерде кар гана.
Көчөдө кетип баратып,
Көз салсам жалгыз каргага,
«Как живешь, поэт?» — дегенсип,
«Карк» — этип коёт ал мага.
Талаада, колхоз айлынан,
Таштанды көрсө аңдыган.
Каркылдаган урганга,
Кантип сырым алдырам?
«Өйдө жашайм сенден!» — деп
Өтүп кеттим алдынан.

Эрнис АСЕК уулу: «Байдыкенин каргасындай «Ка-ак живешь поэт» дегенге жарабады»

Байдылда атабызды жана ырларын байым аябай жакшы көрчү. «Байдыкенин ырларын угуу үчүн акындар менен отурган жерине Жыргалбек экөөбүз көп бардык. Эл акынын эл укмуш курчап алып, ырын муюп укчу. Ырына да, сөзүнө да моокумубуз канбай калып, үйүнүн эшигинин алдына чейин ээрчип барчубуз…» деп эскерип калчу… Көзү тирүү болгондо Байдылда атабыздын бир ырын окумак деп ойлойм. Ошондон улам, 9 жыл мурун жазганын берип коюуну туура көрдүм.

Записки от скуки

КАРЫЗ

«Тигиге мынча, буга мынча, баягыгы түкүнчө сом карызмын» деп саресепке сала баштады. Азыр кыргыздын баары ушинтип жашап жатышат. Мен күндү ойлодум. Ал берген жарыкты ойлодум. «Адамзат асмандагы Күнгө алмустактан бери берип келаткан жарыгын кайтарып берсе, баарыбыз карыздардан кутулмак болчубуз» деп жибериптирмин. Дегенимди учуп бараткан карга гана укту. Байдыкенин каргасындай болуп «Ка-ак живешь поэт» дегенсип, «карк» этип койгонго жарабады. Азыр кушунан бери тескери болгон заман келгенби дейм…

Эрнис АСЕК уулу

«Баягы Асаба», 2013-жыл

Байымдын Баатыры…

Шабдан Сулайманов. Бул ысымды мен байым аркылуу тааныдым. Эрнис дайыма: «Шабдан Сулайманов деген таластык акын бар. Жакшы жазат. Быйыл Таласка баратканда Шабданга кайрыла кетели э» деп 2020-жылдын жай мезгилиндеги датаны койду эле. Ал убакытка жетпей, 29-январда каза болуп калбадыбы…
Байымдын сары чемоданында кол жазмаларынын арасында Жыргалбек менен Шабдандын ыры толтура экен. Атүгүл гезитке чыккан ырларын да сактап жүрүптүр… Кол жазмасында да экөөнүн аты толтура… Демек, экөө илгертен эле дос турбайбы деп калдым… Ошондон улам, Жыргалбек менен Шабдандын атын укканда эле Эрнисимди эстейм…
Алтынымдын телефонунда Вотсабы, Фейсбук баракчасы, баары ачык калыптыр. Ким менен эмне деп жазышканын окуп, көздөн жаш тамды. .. Эч бир ашык-кеми сөзү жок, кыска-нуска, орундуу… Достуктагы досторунун баарын туулган күнү менен куттуктап, аларды «Баатыр» атаптыр. Анда дагы жөн жазбай, куудулданып: «Бир жылга карышың менен, Баатыр» деп жазыптыр…
Байымдын Баатыры — Шабдан Сулайманов дагы эстафетаны дароо кабыл алып, Байдылда атабыздын «Кыргызыма» аттуу ырын окуптур…

КЫРГЫЗЫМА

Байыртан болгон билими,
Байыртан болгон илими.
Элдерди мактап өзүңдү,
Алардын кылба кийини.

Кылымдар ачпай сабатты,
Кармабай калем, кагазды.
Караңгы болуп жүрсөң да,
Мекендеп түрлүү тарапты.
Мен туулган доорго жеткирдиң,
Мээңе сактап «Манасты».

Эзелдеп ачпай сабатты,
Эч билбей калем, кагазды.
Кой менен кошо жүрсөң да,
Конуштап түрлүү тарапты.
Түптүгөл бизге жеткирдиң,
Тилиңе басып «Манасты».

Мактагым келет күндө эле,
Басынтып өзүң сүйлөбө.
Эпосун ойдо жат билген,
Элдер аз сендей дүйнөдө.

Эки мыкты акын достун мамилесинен мен Байдылда Сарногоев менен Мидин Алыбаевдей достукту байкадым. Жыргалбек, Шабдан, ылайым достугуңар арта берсин. Ар бир баскан изиңерди ийгилик коштосун! Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келаткан алтындай болгон сиңдим Салима уюштуруп жаткан эстафетаны да четке какпай, колдоп бергениңерге да терең ыраазычылык билдирем. Бул дагы болсо Байдылда атабызга болгон сый-урматыңар. Бар болгула, кыргызымдын жигиттери!

«Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери.
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени!
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени!»

 Назира СААЛИЕВА

P.S. «Ыр окуу эстафета кербени» мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлө турган мааракеге чейин уланат. Залкар акын Байдылда Сарногоевдин «Ашуудан берген отчетум» ыр жыйнагындагы ырларынын баарын окуп салалычы, туугандар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.