Лицензиядан улам 111 менчик медициналык мекеме жабыла турган болду

Лицензиядан улам 111 менчик медициналык мекеме жабыла турган болду

Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирди. Маалыматта айтылгандай, министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия апрелде 370 менчик медициналык уюмду текшерип чыккан. Текшерүүнүн жыйынтыгында “лицензиясы жок, уруксатсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн, даректери лицензия менен дал келбеген фактылар аныкталып”, анын негизинде 111 менчик медициналык мекемелердин ишмердигин токтотуу үчүн акт жазылган.

Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинеттер менен клиникалар аныкталган. Аларга билдирмелер берилген. Андан кийин мыйзамдык чараларды колдонуп, айып пул салуу үчүн Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалыматтар бериле турганы айтылды.
Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.
Мурдараак мекеме 84 дарыкана уруксат документтери жок иштеп жатканы аныкталганын жарыялаган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.