Ысык-Көлдө «Асман» шаары курула турган жер өзгөртүлдү

Ысык-Көлдө «Асман» шаары курула турган жер өзгөртүлдү

Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаары курула турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

«Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт«,-дейт Р.Сабиров. Ошондой эле, ал «Асман» шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон каларын кошумчалап, аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Эске сала кетсек, президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк.

«Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп жеке ишкер Тимур Файзиев дайындалган. Бир катар жарандык активисттер Файзиевдин жетекчилик кылышына жана долбоорго каршы чыгып, «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экени эскертишкен. Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.