Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков «Издеп жүрөм» дейт го…

Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков «Издеп жүрөм» дейт го…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин (өзүнүн аты-жөнү— Убайдылда Айтманбетов— авт.) 90 жылдык мааракесин утурлай биздин сайт (alakan.biz) 12- майда «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, 90 адамдын атын белгилеп, эстафета уюштурганбыз. Алгачкылардан болуп кабыл алып, саамалыктын башын ачып берген ЖК депутаты Руслан Жакышов болду.

Эстафета шарты боюнча Руслан Жакышов ыр окуу кезегин кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан. Эки акыныбыз да дароо кабыл алып, ыр окуп беришкен.

ВИДЕО 

Учурда Түркияда жашап, иштеп жаткан кесиптешибиз Жыргалбек Касаболотов Жазуучулар союзунун төрагасы, мыкты акыныбыз Нурлан Калыбековго узаткан. Нурлан дагы дароо кабыл алып, Байдылда атабыздын «Издеп жүрөм» аттуу ырын окуган.

ИЗДЕП ЖҮРӨМ

Салдырган сөздүн жоргосун
Санасаң бир топ жолдошум.
Залкарын бирок аз таптым
Салмагы жактан коргошун.

Чын жолдош болом деп бирөө,
Чырмалды чылым чеккенде.
Чычайып кетти сүйлөшпөй,
Чылымдын оту өчкөндө.

Жан жолдош болом деп бирөө,
Жармашты шарап ичкенде.
Жанымдан кетти бөлүнүп,
Бөтөлкө бошоп бүткөндө.

Акчам бар кезде бир жолдош,
Алыстан көрдү түндө да.
Акчасыз кезде көрбөдү,
Чаңкай түш ачык күндө да.

Инженер кумдан, аскадан,
Издеген сымал алтынды.
Издеп жүрүп жолдош тап,
Билгендей сырды, баркыңды.

ВИДЕО

Нурлан Калыбеков дагы бир мыкты акыныбыз Атахан Кожогуловго, Шабдан Сулайманов Акбар Жанышбековго узаткан. Алар дагы жооп беришти. Алардын ырын эртең уга аласыздар! Бар болгула, кыргызымдын жигиттери! «Кыргыз жигиттери ушундай болушкан, ушундай болгула!» деп күч берип, алга сүрөгөн дем берген Байдылда атабыздын ыры менен аяктайын:

«Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери.
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени!
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени!»
Назира СААЛИЕВА

One thought on “Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков «Издеп жүрөм» дейт го…

  1. Уведомление: Алакан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.