1-июлдан баштап жол киреге накталай акча кабыл алынбай, Тулпар картасы толук иштей баштайт

1-июлдан баштап жол киреге накталай акча кабыл алынбай, Тулпар картасы толук иштей баштайт
Коомдук транспорттордогу накталай эмес Тулпар — Единая Транспортная Карта системасы 1-июлдан тарта толук түрдө ишке кирип, Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынары тууралуу маалыматты Сатыбалды Ибраимов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал төмөндөгүдөй пост калтырды:
— Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.
Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген. Эми 1-июлдан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбай, Тулпар картасы толук иштей баштайт.
Жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес, төлөм ыкмасынын төмөнкү жолдору менен төлөөгө болоорун бул системанын адистери билдиришти:
— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.
Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алсаңыздар болот. Картанын баасы 50 сом (1 сапар баага кирет). Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://www.tulpar-card.kg/about/buy/
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.