ВИДЕО — Бурул Догдурбекова сиздер көп колдонгон Байдылда атабыздын ырын окуп берип, эстафетаны узатты…

ВИДЕО — Бурул Догдурбекова сиздер көп колдонгон Байдылда атабыздын ырын окуп берип, эстафетаны узатты…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин (өзүнүн аты-жөнү— Убайдылда Айтманбетов— авт.) 90 жылдык мааракесин утурлай биздин сайт (alakan.biz) 12- майда «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, 90 адамдын атын белгилеп, эстафета уюштурганбыз. Алгачкылардан болуп кабыл алып, саамалыктын башын ачып берген Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов болду. Ошондон бери эстафета уланып келатат, болгону биз жазып жетише албай жатабыз. Ал үчүн кечирим сурайбыз! Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз!

«Данакер лингво” маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, жаш акын кызыбыз Бурул Догдурбекова Байдылда атабыздын «Кала берди» аттуу ырын көркөм окуп, акын Саадат Кудайбергеновага узатты.

КАЛА БЕРДИ

Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим…

Тек гана терикпестен күлүп туруп.

Не кылам жаман айтып жаакташып

Мен анын ит экенин билип туруп.

Ал мени эшек деди, — Ооба — дедим.

Болбосо шылдыңдоого жетет тилим…

Не кылам ажылдашып, кажылдашып

Мен анын билип туруп эшектигин.

Ал мага албууттанып жана берди

Сөздөрү жийиркентип кара жерди.

Ролун эки айбандын бир аткарып

Артымдан ээрчий басып кала берди.

ВИДЕО

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык борборунун китепкана тармагынын борбордук китепканасы Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган «Кыргыз деп келгем дүйнөгө» аттуу адабий кечени ушул жылдын  14-апрелинде өткөргөн. Ал иш-чарага Бурул Догдурбекова катышып, Байдылда атабызга арнаган «Заман шаңы» аттуу ырын окуп берген.

Заман шаңы

(Байдылда Сарногоевке арналат)

Каратты кара мүртөз кайдыгерди,

Кашкайта жазып күндү, айды-жерди.

Камтыбай залкарлардын катарына,

Калтырып кетем кантип Байдыкемди?

 

Таланттуу тапан уулу — Сарногойдун,

Таамайын жазган иргеп, тандап ойдун.

Таластын кулуну бул, жана дагы,

Тарыхта бир тамчысы — хан Ногойдун!

 

Жалындуу албуут жана бурганактуу,

Жазганы жаңырыктуу, чуу салат-чуу.

Шумкардай канат күүлөп жарык көргөн,

Алгачкы чыгармасы «Шумкар» аттуу!

 

Улама узун жолдо — унаа башы,

Уңгулуу сөзгө толгон субаласы.

Турбайбы айгинелеп ким экенин,

«Ашуудан берген отчет»- убадасы.

 

Эсирбей эпсиз талант бергенине,

Эпкиндүү эрмек болгон эл-жерине.

Жээлигип көбү бирок, жеткен эмес,

«Жем түшүп кеткен буттун «- желгенине.

 

Көпкөлөң, сезгендерди күчтүү өзүн,

Мисалдап моюндаткан бүт күнөөсүн.

«Эшекке күлүп гана, эшекмин»- деп,

«Итмин» деп, сөзгө жыккан иттин өзүн.

 

Ээрчишип эгиз элдин басаарына,

Көпүрө салган Кыргыз-Казагына.

«Алыкул» сыйлыгынын лауреаты,

Ак кардай аруулугу таза-мына!

 

Жөнөкөй ушул акын — «Жаман сары»,

Залкардын залкары бул, заман шаңы!!

90 күндүк эстафета…

90 жылдык мааракени утурлай, 90 күн ыр окуу эстафетасын уланталы, туугандар! Бул саамалыгыбызда Байдылда атабыздын бир эле керемет ыр саптары окулбай, обондуу ырлары дагы ырдалууда. Обондуу ырлардын башын мукам үндүү ырчыбыз Малик Аликеев Түгөлбай Казаков агабыз обонго салган «Эсен бол!» ырын комуздун коштоосунда аткарып ачып берген…

Эске сала кетсек, залкар акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлөт, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому бар… Ага болгон даярдыктарды да, маараке тойду да жазабыз, буйруса…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.