«Географиялык көрсөткүчтөрдү коргоо» аймактык семинарга Рахат Керимбаева катышып, куттуктады

«Географиялык көрсөткүчтөрдү коргоо» аймактык семинарга Рахат Керимбаева катышып, куттуктады

Бишкекте «Географиялык көрсөткүчтөрдү коргоо: кошумча нарк кошуу жана келип чыгышына байланыштуу сапаттуу продукцияны ийгиликтүү коммерциялаштыруу» аталышындагы аймактык семинар кечээ, 19-майда болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, иш-чара Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жана Кыргызпатенттин тарабынан өткөрүлдү. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы директорунун орун басары Хассан Клейб (Женева), Өзбекстан мамлекетинин Юстиция министрлигинин Интеллектуалдык менчик башкармалыгынын начальниги Эсенмурат Каньязов, Татьяна Змеевская — Роспатенттин индивидуалдаштыруу каражаттары бөлүмүнүн башчысы куттуктоосу менен кайрылышты.

Кыргызпатенттин Товардык белгилерди экспертизалоо башкармалыгынын начальниги Гүлбара Кудайбердиева Кыргыз Республикасындагы географиялык көрсөткүчтөрдү коргоонун абалы боюнча баяндама даярдады.

Кыргызпатент интеллектуалдык менчиктин жаңы объектиси болуп саналган географиялык көрсөткүчтөрдү жарандык жүгүртүүгө киргизүү боюнча активдүү иштеп жатат.

Географиялык көрсөткүчтөр — бул белгилүү бир географиялык аймактан чыккан жана биринчи кезекте келип чыккан жерине байланыштуу касиеттери, кадыр-баркы же өзгөчөлүктөрү бар продуктыларда пайда болгон белгилөөлөр. Башкача айтканда, товардын касиеттери өндүрүш географиясына көз каранды, алар продукт менен анын баштапкы чыгарылган жеринин ортосундагы так айтылган байланыш жөнүндө билгизет.

Мыйзам деңгээлинде интеллектуалдык менчиктин жаңы объектиси катары географиялык көрсөткүчтүн консолидацияланышынын аркасында өндүрүүчүлөр өз товарларын эл аралык рынокто коргой алышат. Географиялык көрсөткүчтөрдү киргизүү товарлардын чыгарылган жерин көрсөтүүчү, иш жүзүндө белгилүү бир сапатка жана абройго ээ болгон, бирок каттоого катаал процедуралык талаптарга байланыштуу товар чыгарылган жердин аталыштары катары каттала албаган ата мекендик белгилерди коргоо зарылдыгын эске алат.

Маалымат иретинде:

 Географиялык көрсөткүч — мыйзамда белгиленген тартипте региондун өндүрүүчүлөрүнө (табигый жана/же адамдык ресурстардын эсебинен продукциянын белгилүү бир сапаттарын камсыз кылуучу) ушул аталышка укуктарды ыйгарууга мүмкүндүк берүүчү интеллектуалдык менчиктин уникалдуу объектиси.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.