Кеңешбек Дүйшөбаев: «Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлду»

Кеңешбек Дүйшөбаев: «Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлду»

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү саясатчыларга айыбын 20-майда угузуп, Дүйшөбаев жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен чыкты. Саясатчы муну оппозицияга карата саясий куугунтук деп эсептейт. “Мага Кылмыш-жаза кодекси 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлду. Бул буюртма иш. Биз азыр оппозицияда жүргөндүктөн басым кылып жатышат. Иште эч кандай далилдер жок экен. Мындан ары тергөө, сот адилет болушу керек. Бирок аны көрө албай жатабыз”, — деди Дүйшөбаев.

Эске сала кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.