Марат ТОКОЕВ: «Марс, сенин чечимиңди сыйлайм, туура көрөм. Бар бол!»

Марат ТОКОЕВ: «Марс, сенин чечимиңди сыйлайм, туура көрөм. Бар бол!»
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жаңы жетекчиси болуп Нурдин Дүйшөнбеков шайланды. Мындай маалыматты аталган бирикменин мүчөсү, мыкты котормочу, акын Марат Токоев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, төмөндөгүдөй пост калтырды:
 Марс Тулегенов жакында эле 3 жылдык эмгеги боюнча Башкармалыкка отчет бергенинде кыска мөөнөттүн ичинде канчалык көп жакшы нерселерди жасаганга жетишкенин көрүп бир чети эмгекчилдигине таң берип, бир чети катуу кубанган элем. Жаңы 3 жылдык мөөнөткө бир добуштан шайланганда, дагы көп нерселерди күткөн болчум. Бирок жашоо иш менен гана чектелип калбайт. Марс, сенин чечимиңди сыйлайм, туура көрөм.
Сени менен иштешүү мен үчүн чоң рахат эле. Эмгекчилдигиң, чынчылдыгың, кемчиликти көрүп туруп унчукпай тура албастыгың, ошол эле кезде оор басырыктуулугуң, сабырдуулугуң, нарктуулугуң, куулукту билбегениң, мансапка, байлыкка умтулбагандыгың, эң негизгиси адамгерчилигиң мен үчүн өтө баалуу эле. Сендей адамдар көбүрөөк болсо биз эчак эле гүлдөп өскөн, башкалар үчүн бардык жагынан өрнөк болчу өлкөдө жашайт элек. Бар бол!Жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалайбыз. Бардык жагынан колдоо көрсөтүп турганга биз даярбыз.
Белгилей кетсек, Марс Тулегенов «Журналисттер» коомдук бирикмесин 2018-жылдан бери жетектеп келген. 18-майда ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырганы белгилүү болгон.

Марат менен Марс ага-инидей ээрчишип, көп жакшы иштерди жасашты. Алар сөз эркиндигин коргоого, журналисттердин чеберчилигин жогорулатууга чоң салым кошушту жана кошуп келет. «Марс, сендей адамдар көбүрөөк болсо, биз эчак эле гүлдөп өсөт элек» деп жогоруда Марат жазгандай, силердей таза, ак адамдар көп болгондо мамлекет эбак эле гүлдөп кетмек.

Марс, бекем ден соолук каалайбыз! Жаңы келген төрага Нурдин Дүйшөнбеков Марстын аткарылбай калган иштерин ишке ашырат жана журналисттердин таламын талашып, укугун коргойт деген ишенимдебиз. Ийгилик каалайбыз!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.