ВИДЕО — Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Сабира эже, Жумаш эженин «Лифт» киносундагы аткарганы кыргыз элинин көз алдында…» 

ВИДЕО — Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Сабира эже, Жумаш эженин «Лифт» киносундагы аткарганы кыргыз элинин көз алдында…» 
«Тяншандык кыз» («Девушка Тянь-Шаня». 1960-жыл), «Тил алчаак» («Самая послушная». 1965-жыл), «Биринчи мугалим» («Первый учитель». 1965-жыл), «Жамила» («Джамиля».1968-жыл, «Мен Тянь-Шань» («Я — Тянь-Шань». 1972-жыл), «Ак илбирстин тукуму» («Потомок Белого Барса». 1984-жыл), «Лифти бар үйдөгү тепкичтер» («Лестница в доме с лифтом». 1984-жыл),  «Эл арасында» («Среди людей» 1978-жыл) аттуу мыкты кинолорго (көбүнчө эпизоддук ролдорду аткарган) тартылып, мыкты аткарганы менен элдин эсинде калган СССРдин эмгек сиңирген артисти Сыдыкбекова Жумаш апабызга 100 жыл!

Чоро ДУМАНАЕВ: «Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова биздин энелерибиздей эле…»

Эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарды багындырган «Лифти бар үйдөгү тепкичтер» аттуу кыска метраждуу фильмди белгилүү режиссер Аман Камчыбеков тарткан. Анда Жумаш апабыз айтылуу Сабира Күмүшалиева апабыздын абысынын ролун аткарат.
Бул тасма боюнча Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев «Спутник» сайтына берген маегинде мындай деп эскерген:
СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекова жана режиссер Аман Камчыбеков. 1984-жыл.
Тасма Аман Камчыбековдун дипломдук иши болгон. Негизи дипломдук иштер чаң басып эле калат го, бирок анын эмгегин телевидение сатып алып элге сунуштаган. Кыска метраждуу фильм көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Башкы ролду ойногон Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова биздин энелерибиздей эле болчу. Биз жашпыз да тентек кылсак, акыл-насаатын айтып өз балдарындай көрчү. Ал эми режиссеру Аман аябай таланттуу инсан эле. Жол кырсыгына кабылып бул дүйнөдөн эрте кетти«.
Белгилүү драматург, театр жана кино режиссеру Жаныш Кулмамбетов кесиптешибиз, журналист Данияр Исановго Жумаш апабызды эскерип берген. Ал бул ВИДЕОдо.
Жумаш апабыздын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде эскерилер-эскерилбеси азырынча белгисиз…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.