Бактыбек МАМЫТОВ: «Кайгыга баратамын чыдай албай, Жараткан кызыма бир жолуктурчу»

Бактыбек МАМЫТОВ: «Кайгыга баратамын чыдай албай, Жараткан кызыма бир жолуктурчу»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 21-майда Кыргыз Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, Улуттук телерадиоберүү корпорациясындагы “Арноо концертинин” алып баруучусу, белгилүү диктор Бактыбек Мамытовдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты УТРКда өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нуржигит Кадырбеков, мурунку-кийинки дикторлор, журналисттер, жакындары жана чыгармачыл адамдар катышты. ВИДЕО

Бактыбек агабыз ыр жазчу. 2011-жылы «Очоктогу от» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Андагы ырларынын көбү ата-энесин азапка салып, тиги дүйнөгө эрте кеткен Нур кызына арналган. 

Эмнеге?

Татынакай жаралып таптаза элең,

Балдарымдын баарынан башкача элең,

Мүнөзүң жибек жиптей назик болчу.

Эч кимди капа кылып какпачу элең

Ордунан чыкпай калган тилектериң,

Боорумду, жүрөгүмдү тилет менин.

Кайгынын каны толду жүрөгүмө,

Билбеймин кантип жашоо күн өткөнүн.

Жүрөктү өйкөйт суроолор жай алдырбай,

Эмнеге анча жакшы жаралдың ай!

Эмнеге эне-атаңды муңга салып,

Эмнеге эрте кеттиң каралдым, ай!

Сен барда үйүбүз да толуп турчу,

Бакыттын кушу сайрап конуп турчу.

Кайгыга баратамын чыдай албай,

Жараткан кызыма бир жолуктурчу

Түшүмдө чочуп кетип көрүп калсам,

Тирүүле демейкиндей күлүп жансаң,

Тилегим ошол эле арманым жок

Тарс этип кубангандан өлүм калсам.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, коллективине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

P.S. Бактыбек агабыздын кесиптештери Жолдубай Кайыпов, Тамара Алсеитова жана Нур кызын жоктоо ырлары бу ШИЛТЕМЕде.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.