Бактыбек Мамытовдун жоктоо ырлары… «Кызым» деп сыздап жүрүп артынан кетти…

Бактыбек Мамытовдун жоктоо ырлары… «Кызым» деп сыздап жүрүп артынан кетти…

Кыргыз Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, Улуттук телерадиоберүү корпорациясындагы “Арноо концертинин” алып баруучусу, белгилүү диктор Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 20-майда көз жумду.

72 жаштагы атактуу диктор агабыз Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында 1950-жылы 3-мартта туулган. Телерадионун босогосун 21 жашында аттап, өмүрүнүн акырына чейин УТРКда эмгектенди. Кесиптештердин айтымында, акыркы жылдары жүрөгү ооруп, дарыланып жүргөн.

Бүгүн, 21-майда, саат 12:00до, УТРКнын алдында акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Бактыбек МАМЫТОВ: «Кызыксыз болуп калса кечиргиле!»

Бактыбек агабыз ыр жазчу. 2011-жылы «Очоктогу от» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Ал китебинин башы төмөндөгү ыры менен башталат:

Баштадым, билбейм качан бүтөрүмдү,

Биринчи кичинекей китебимди.

Башымдан өткөндөрдүн үзүндүсү,

Бардыгын жазган жокмун бүт өмүрдү.

Кыярган жүрөктөгү сырларымдын,

Кылтыйтып чеке-белин ачып койдум.

Кызыксыз болуп калса кечиргиле,

Кыйналбай кээ бир жерин шашып койдум,

Көркөмдөп боек сүртүп, кооздобой,

Көңүлдөн кандай чыкса, жазып койдум.

Очоктогу от

Камчыбек атасы, Сакен апасы

Ата, апа!

Силер мени кечиргиле, кечиргиле,

Үйдүн кутун берекесин кетирдим э.

Миң алакет азапка түшүп келем,

Кара кулпу илбеш үчүн эшигине.

Кайрылып кайра үйүмө бара албадым,

Барсам да байыр алып калалбадым.

Силер мага калтырган очогуңар,

Силер бардай табын күчтөп жагалбадым.

Өзүңөр жок ошол очок дымыгансыйт,

Кыш ызгаарын  бороон үйлөп уулугансып.

Жан үрөп бар күчүмдү жумшасамда,

Үйдүн ичи араң-араң жылыгансыйт…

Кызым Нурдун эстелигине

Нур кызым ай!

Ойлойм өзүң жөнөндө.

Бул дүйнөнүн жарык нурун кемитип,

Караңгы көр кантип сени катты экен!

Арман менен муңга бөлөп жашоону,

Ажал менен өлүмдү

Кимиси ойлоп тапты экен!

Нур кызым ай!

Зарлайм өзүң жөнүндө.

Наалат айтып өлүмгө,

Арман кылам өмүргө.

Аттин дүйнө!

Болот белем армансыз,

Ажал өлүп,

Өлүм чыкса төгүнгө!

Нур кызым ай!

Кейийм өзүң жөнүндө.

Кегим кайнайт

Каргыш алгыр өлүмгө!

Жан берүүгө даяр элем

Акыркы өлгөн мен болуп,

Мен жарасам

Шум ажалды жеңүүгө.

Сенин күлкүң жашообузга жетишпей,

Нур кызым ай!

Кайгы бизге кесиптей.

Ыр-күлкүлөр ырахатка болбойт,

Асман, тоолор томсорушуп,

Бүткүл аалам, карайган бир чекиттей!..

Нур кызыма кошогум

Күңгөйдүн гүлү эскирди,

Күйүттүү күнгө жеткирди.

Күлгүндөй жапжаш кезинде,

Күн чыкпай жатып кеч кирди.

Тескейдин гүлү эскирди,

Теңирим күйүт жеткирди.

Татына жапжаш кезинде,

Таң атпай жатып кеч кирди.

Алтындай саамай чачыгың,

Ай тийген күндөй ачыгым.

Ачылбай жатып сен кеттиң,

Арман ай! Кайсы жазыгың!

Күмүштөй саамай чачыгың,

Күн тийген таңдай ачыгым.

Күлгүндөй кезде айрылдык,

Күйүт ай! Кайсы жазыгың!

Күңгөйдөн күндө жел келет,

Күйүттүү терек термелет.

Күлкүңө жанды ыргаткан,

Күйгүр ай, эмне тең келет!

Тескейден тентек жел келет,

Теребел үнсүз термелет.

Текши эле дүйнөм сен барда,

Теңир ай, эмне тең келет!

Келчүдөй болуп күткөнбүз

(25-апрель, 1998-жыл. Кызыбыз Нурдун өлгөнүнө 3 жыл)

Жазга окшоп күйнөгүңдү кийдиң дагы,

Жазга окшоп жарк деп күлүп ийдиң дагы,

Желбиреп желги тарап чачтарыңды

Келбедиң жаз дүйнөгө кирдиң дагы.

Ошол жаз үчүнчү ирээт быйыл келди,

Ошол күн… жамгыр бүркөт сур булуттар.

Биз аны сен келчүдөй күткөн элек,

Көңүлдө көкөй кескен бир үмүт бар…

Жаз мезгил жылда кайра келе берээр,

Умүттүн бүчүрлөрүн жамгыр күбүп.

А биздин жандүйнөбүз жансыз калды,

Кактаган кайгы чөлдүн күнү күйүп!

Жолдубайды жоктоо

(Жолдубай Кайыповдун жаркын элесине)

Толгондой кымыз чыныга,

Толчу эле элдин сынына.

Толкутчу көргөн адамды,

Тартылтып талант шыгына.

Сүйчү эле ишин, кесибин,

Сүйүнтүп элдин сезимин.

Ар үйдүн болчу коногу,

Ачпастан кирип эшигин

Сакадай бою алтындай,

Саламын берчү шартылдай.

Сахна менен эфирге,

Санаасыз чыкчу тартынбай.

Жүргөн жери шан эле,

Жүзү да жарык шам эле.

Жүрөктөрдү жибитип,

Жүрүшү башка жан эле.

Жүз жылы бирге жүргөнсүп.,

Жүрөгүм сыздайт дагы эле.

Үнү да бар, ыры бар.

Үртүктүү аттай сыны бар.

Жайнаган жоодур көзүнө,

Жалындап кыздар жылынар.

Болбосок дагы эшиктеш,

Болду элек  бирге кесиптеш.

Эртелеп кеттиң кырсыктап,

Экинчи жайга кезикпес.

Эч бир жан жакпай сенчилеп,

Экинин бири энчилеп.

Ээлешчу эле талашып,

Эми, экран турат ээнсиреп…

Артыңда элиң жоктотуп,

Ата-эне, жарың боздотуп,

Алдырып ийдиң байкабай,

Ажала тизгин коштотуп.

Ташкындуу агын окшошуп,

Таланттын түрү топтошуп.

Оргуштап аккан дайра элең,

Ойдо жо жерден токтотуп,

О, дүйнө кеттиң коштошуп!

Эл кызы элең жаркыган

(Кесиптешим раматылык Тамара Алсеитовага)

Айга окшоп жүзү ак эле,

Сүйлөсө тили так эле.

Сүйгөндөр анын талантын,

Даңаза кылат дагы эле.

Ак маралдай басчу эле,

Айлана элге жакчу эле.

Алып барган ар бир фестиваль,

Салтанат көркүн аччу эле.

Көп жылдар бирге иштедик,

Көңүлүн элди издедик.

Сыйлаша келген жагынан,

«Сен» дебей дайым Сиз дедик.

Керемет үндүү шаңк эткен,

Керүүдөн чыгып жарк эткен

Келбетиң көрүп далайлар,

Кетенчиктеп жалт эткен.

Сөөлөтү сүрдүү жан болчу,

Сөзүндө күчү бар болчу.

Байкабай келип беттешкен,

Батына албай дал болчу.

Эфирден үнүң таңшыган,

Эл кызы элең жаркыган.

Эсиңде калдың түбөлүк,

Эстелик куруп  даңкыңдан.

Элүүдө жашың кыйылды,

Эфирден үнүң тыйылды.

Элиңе кылган кызматка,

Эми алат элең сыйыңды.

Кажыбай иштеп ишиңди

Калтырдың өчпөс изиңди.

Капилет алган ач ажал,

Кайтарбас сенин мизиңди.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, коллективине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

2 thoughts on “Бактыбек Мамытовдун жоктоо ырлары… «Кызым» деп сыздап жүрүп артынан кетти…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.