Куудул Союзбек Сейитказиевдин апасы атбашылык келини тууралуу туурасын айтыптыр…

Куудул Союзбек Сейитказиевдин апасы атбашылык келини тууралуу туурасын айтыптыр…

Маданияттын мыкты кызматкери, “Супер куудул”, “Мыкты куудул” номинацияларынын ээси, куудул Союзбек Сейитказиев бүгүн, 21-майда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда «Көрбөгөндүн көргөнү курусун” аттуу кезектеги концертин тартуулайт. Концерт саат 18:30та башталат. Билет баасы 500 сом. Союзбек мырза айткандай, күлүп жашап, көңүл ачып кетиңиздер!

Апасынын айтымында…

Дал ушул концертинин алдында Союзбек Сейитказиев апасы менен «Супер ТВга» барып, интервью берди. Андагы маекте апасы уул-келини тууралуу туурасын айтыптыр. Айтымында, уулу Токтогул районунун Толук айылында 1985-жылдын 16-мартында түшкү саат 2де (14:00до) жарык дүйнөгө келген.

«Ушундай жакшы адам болсун» деген аруу тилек менен ысымы ырымдалып жолдошунун Союзбек аттуу врач классташынын атынан коюлган. Беш бир туугандын (үч уул, эки кыз) төртүнчүсү. Тентек, шок, эрке бала болгону менен жакшы ырдаган. Сыймык Бейшекеев менен Бек Борбиевдин ырларын созгондуктан ата-энеси келечекте байкелериндей чоң ырчы болот деп ойлошкон. Ыр да жазчу, 2-класста «Апакем» аттуу ыр жазып, апасын кубанткан. 11-классты бүтөрү менен айтылуу куудул, маркум Рахман Разыковдун “Бешилик” театрына келип, тарбияланган. 10 жылдан ашык “Беш тапан” куудулдар тобунда иштеген. 21 жашында үй-бүлө куруп, Жазгүл Ибраева аттуу атбашылык кызга баш кошуп, эки уулдуу болушкан. Жубайы журналист, «Будь здоров» гезитинде иштейт. Кайын энеси айткандай, тың, сөзүңдү эки кылбайт! Жолдошун жакшы рекламалайт!

Кесиптешибиз Жазгүлдүн ата-энеси тууралуу маеги бул ШИЛТЕМЕде, жолдошунун маеги бу ШИЛТЕМЕде.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.