ИИМ: «Тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталды, тапанча кимдики экени аныкталды»

ИИМ: «Тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталды, тапанча кимдики экени аныкталды»
Тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталганы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди. Алардын маалыматына караганда, социалдык тармактарга тараган видео боюнча факт катталып, ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлгөн, натыйжада жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ок атууну сүйгөн жаран — 2000-жылы туулган Б.А. Анын айтымында, видеону досу тартып алган. Ал эми тапанчанын ээси 1985-жылы туулган А.Ж. Травматикалык тапанча алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодогу окуя мындан 5 күн мурда «Бишкек-Ош» унаа жолунан алыс эмес жерде, «Чычкан» капчыгайынын аймагында болгон. Учурда аталган фактыга юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы азиат улутундагы белгисиз кыз, белгисиз үлгүдөгү тапанчадан ок аткан видео тараган. Ал боюнча коомчулукта нааразылык жаралып, ага тезинен тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен ИИМ жетекчилигине видеокайрылуу жолдошкон.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.