Руслан ЖАКЫШОВ: «Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт, Энесиз үйгө барсаӊ көӊүл толбойт»

Руслан ЖАКЫШОВ: «Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт, Энесиз үйгө барсаӊ көӊүл толбойт»

Кыргызстанда ар жылы май айынын үчүнчү жекшембесинде Энелер күнү белгиленип, майрамдалып келет. Бу жолу 22-майга туш келди. Бирок, май айынын башынан бери социалдык тармактарда АПАларды куттуктап келет. Ушинтип бир күнү эле эмес, апаларыбызды күндө куттуктап, белек берип турганыбыз эң жакшы көрүнүш.

Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Руслан Жакышов өткөн аптанын 13-майында Энелер күнү менен Бишкек шаарынын Ленин районунун Баатыр энелерин Ленин райондук администрациясынын башчысы Руслан Тагаев экөө куттуктап, белектерин тапшырышкан. Бүгүн да АПАларыбызды куттуктады.

«Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт,

Энесиз үйгө барсаӊ көӊүл толбойт!

Канчалар мээрим төгүп турса да,

Эненин мээримдей мээрим болбойт!» деп ыр саптарында айтылгандай, Эне мээриминдей мээримди эч ким бере албайт!

Алтындай болгон ардактуу АПАлар, ар бир күнүңүздөр майрам болсун, кучагыңыздар гүлгө толсун! Арыбаңыздар, карыбаңыздар, оорубаңыздар!

Урматтуу кыргызстандыктар, биз биринчи кезекте энелердин саламаттыгына кам көрүүгө, ак сүтүн актоого, ар бир күндү майрамга айлантууга жана жылуу сөз айтууга милдеттүүбүз! “Бейиш энелердин таманы астында” деп да бекеринен айтылбаса керек! Апаларыбызды кадырлайлы, барктайлы. күнүгө куттуктап туралы!

Урматтуу апалар, эже-карындаштар, майрамыңыздар менен! Бар бололу, бир бололу!

«Баатыр эне», «Эне даңкы» сыйлыктары 1585 энеге ыйгарылды

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу Жарлыкка 14-майда кол койгон. Ага ылайык, 921 эне “Баатыр эне” ордени,  665 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.

Эске сала кетсек, былтыр «Баатыр эне» ордени 819 энеге, «Эне даңкы» медалы 516 энеге ыйгарылган. 2020-жылы 1014 эне «Баатыр эне» ордени, 519у «Эне даңкы» медалы менен сыйланган.

Сыйлыгыңыздар кут болсун. Каалоо-тилектин баары кабыл болсун! Майрамыңыздар менен, урматтуу асыл АПАлар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.