Сардарбек НУРКАШОВ: «Кош келдиң бизге Баке» деп, Жолдубай тосуп алгандыр…» Жоктоо ыры

Сардарбек НУРКАШОВ: «Кош келдиң бизге Баке» деп, Жолдубай тосуп алгандыр…» Жоктоо ыры

Коомдук иштерге активдүү катышып келаткан 23 жаштагы Сардарбек Нуркашов аттуу көп кырдуу таланттуу инибиз Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылында 1999-жылы 9-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ал манас, дастан айтат, ыр жазат, акын. 2015-жылы Кочкор районунун Маданият үйүндө манас айтуу боюнча иш-чарага катышып. 3-даражадагы Диплом, акимдин колунан Грамота алган. Ошол эле жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган вокал кароо-сынакка катышып, 3-орунду ээлеп, Граммота менен сыйланган. Шахмат да жакшы ойнойт, 2016-жылы шахмат оюну боюнча мелдешке катышып 4-орунду ээлеген. Ошол эле жылы Маданият үйүндө коомдук ишке активдүү катышкан үчүн Ардак грамота менен сыйланган. Ал ортодо турмуштун айынан Москвага барып иштеп келген. Ал жактагы жаштардан түзүлгөн «Поэзия жаштары» тобуна кирип, мүчө болуп, бир топ ырларды жазган. Бишкектеги «Данакер-Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү. Бүгүн, 22-майда дал ушул бирикмеден адабиятка кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы менен сыйланганын кабарлап, кубанды. Сыйлыгың кут болсун, Сардарбек, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Чыгармачыл адамдар сезимтал келет эмеспи. Мына, кечээ жакында, 20-майда сүйүктүү дикторубуз Бактыбек Мамытовдон ажырап калып, кечээ акыркы сапарга узаттык. Агабыздан ажырап, сыздап турган күнү Сардарбек жоктоо ырын салып, ого бетер сыздатты…

Бактыбек Мамытовду жоктоо ыры…

Калдайган гана кыргыз элиме,
Карайып гана турган жериме,
Кейип, ыйлап турамын азыр,
Кайрылбай кеткен залкар бегиме.
Азада турам кайгырып,
Күч келип турат белиме..
Рахматына алсын Жараткан,
Бейиштик гана кылып өзүнө.

УКТРде гана иштеп күнү-түн,
Ишинен такыр үзбөй үмүтүн.
Жашырды далай бекитип,
Кызына болгон күйүтүн…
Зар айтып жоктойт элиң,
Сабалап учкан бүркүтүн..
Намыска бек болуп туруп,
Көтөрдү элдин түндүгүн..
Эрте эле оой тартты көрүнөт,
Эх, заман жашоо түйшүгүн!

Асманда куштар учушат,
Алдыны көздөй сабалай..
Басканда кандай сонун,
Арчалуу төрдү аралай…
Жакшыдан өттү бир өмүр,
Жанынан гана кумар тарабай.
Ободо учкан куштар көп,
Мейкиндикте сабалай..
Жүргөндө кандай сонун,
Жаратылышты аралай..
Бакемден өттү бир өмүр,
Аттиң, соңунда да кумар тарабай.

Бул дүйнө чыны жалгандыр,
Аз жыргал, көбү армандыр..
«Кош келдиң, бизге Баке!» деп,
Жолдубай тосуп алгандыр…
Эки күн өмүр жалгандыр,
Жакшысы аз, көбү армандыр..
Калдайган ой диктор келди деп,
Канчалар гана тосуп алгандыр..

Бул дүйнө асма көпүрө,
Тура берет солкулдап..
Тоодой болуп көрүнөт да,
Агылып селдей толкундап.
Дикторлук ишиңиз калды,
Арманда болуп солгундап..

Кыядан гана шумкар оой учкандай,
Кыйылбас гана ажал, жут кандай?
Өмүрүң бүттү бир келген,
Өмүрдө ажал, жуп сандай…
Алып бардыңыз эфирди,
Алтын балык туткандай..
Зар айтып турат кыргызың,
Алыска гана бүркүт учкандай..

Жылмайып гана турган күн бети,
Жылтылдап барып өчкөндөй..
Үнүңүз коңур үндүү эле,
Чыгарса бийик өктөмдөй..
Чыркырап турат кыргыз эл,
Чыкебиз бизден көчкөндөй.
Каймагын сөздү каалгыган,
Кайраным ошол өткөндөй.

Күмүштөй гана жаркып оой күн бети,
Күттүрүп гана барып өчкөндөй!
Жалпы элге жетчү эле,
Жалпыңа үн чыгып өктөмдөй.
Бул дүйнө ушундай экен,
Дайыма турат бөксөрбөй!
Бактыбек деп эл ыйлайт,
Бакайы гана ошол өткөндөй ой..

Агайың гана кыргыз эл калды,
Армандуу болгон жер калды..
Тегеректеп бирге өскөн,
Тели-теңдуш, дос калды..
Бетеге калды, бел калды,
Медер туткан эл калды..
Жутунуп жүргөн шум ажал,
Бакемдин гана бутунан чалды..

Ак канжар гана колдо суурулган,
Ак жамгыр турат куюлган..
Ак кызматты кылдыңыз,
Ала-Тоого сунулган..
Ата-Журт, элим сабыр кыл,
Ак шумкар гана учту туурунан.
Көк канжар колдо суурулган,
Көкөтөйдүн гана көзү жумулган.
Кызматты кылдың эл үчүн,
Көбүрөөк жерге сунулган..
Калдайган элим сабыр кыл,
Көк шумкар гана учту туурунан.

Бул дүйнө өзү аманат,
Кылалсак болду далалат..
Ушул өмүргө келген,
Адамың бир жолу жаралат.
Түбөлүк азыр коштошом,
Баке ыйманың болсун саламат!

Сардарбек НУРКАШОВ,

2022-жыл, 20-май

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.