ВИДЕО — Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов эстафетаны кимге узатты?

ВИДЕО — Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов эстафетаны кимге узатты?

Убактылуу токтогон эстафетабыз уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Эстафета кербени 20-майга чейин жакшы эле келаткан. Тилекке каршы, 20-майда «калеминен ыр тамган, карегинен нур тамган», «бүтүн кыргыздын кубанычын, жакшылыгын, майрамын» экран артында «Арноо концерти» аркылуу бөлүшүп келген Кыргыз Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, белгилүү диктор Бактыбек Мамытов агабыздан айрылып… ошондон улам убактылуу токтотуп койгонбуз…

Бүгүнтөн баштап эстафета кербени кайра уланды…

Кайра жанданган эстафетабыздын «казынасын» толтуруп, бүгүн, 23-майда Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетов агабыздан жооп видео келди. Эми Кыялбек байкебиз боюнча өзүнчө баян курсаң, аягы бүтпөгөн, бүтүндөй дүйнөсү ырдан бүткөн кызыктуу ааламы бар акындарыбыздын бири. Баарлашсаң, берилип сонун маек куруп берет, биз көрбөгөн, биз жолукпаган адамдар азыр жолуккандай көз алдыңа элестеп, тоонун таза абасы, булак суусунан жуткандай эле болосуң. Ыр казынасы да бай, обондуу ырлары эле 200дөн ашып барат. Кыскача эмгек жолунан айта кетсек, акын агабыз бир кыйла жооптуу кызматтарда иштеген: УТРКнын жаштар редакция бөлүмүндө редактор (1981–1986-жж.),  «Кыргызфильм» киностудиясынын мультфильмдер боюнча топтун редактору (1986–1987-жж.), «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы (1990–1993-жж.), «Кербез» журналында редактор (1993–1999-жж.), андан кийин «Аргумент» гезитинде редактор, «Жетимен» журналында, «Алас» гезитинде эмтектенген. Эң алгачкы ыры «Мышыгым» деп аталып, ал «Кыргызстан пионери» гезитине 1969-жылы жарыяланган. Кыргыз өнөр дүйнөсүндө эң биринчи мюзикл – «Махабат жылдызын» жараткан.

Малик Аликеев узаткан эстафета…

Эми эстафетабызда Байдылда атабыздын ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалууда. Обондуу ырлардын башатын «Эсен бол» ыры менен таңшыган булбул ырчыбыз Малик Аликеев  комуз коштоосунда ырдап ачып берип, андан нары эстафетаны Кыялбек Урманбетов агабызга узаткан эле…

Кыялбек агабыз да эстафетаны ыр окуп эле узатып жибербептир, Байдыкебиздин ыр ааламынан азыноолак кеп козгоп, анын сатиралык ырлары окуучулук кезде «сөз төркүнүн түшүнгөн» жана «түшүнбөгөн да жолдошторго» кандай курал болуп бергенин:

Сен абдан жандан ашкан боорукерсиң,

Билгизип тилектештик жакыныңды.

Тепетең мага бөлүп бергиң келет,

Өзүңө жетишпеген акылыңды — деген саптардын мисалында кызыктуу баяндап келип, анан «Кала берди» аттуу ырын кыраатын келтире окуп берип, «эстафета кесесин» Мамлекеттик китеп палатасынын жетекчиси Койчуман Момункуловго узатты…

КАЛА БЕРДИ

Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим…

Тек гана терикпестен күлүп туруп.

Не кылам жаман айтып жаакташып

Мен анын ит экенин билип туруп.

Ал мени эшек деди, — Ооба — дедим.

Болбосо шылдыңдоого жетет тилим…

Не кылам ажылдашып, кажылдашып

Мен анын билип туруп эшектигин.

Ал мага албууттанып жана берди

Сөздөрү жийиркентип кара жерди.

Ролун эки айбандын бир аткарып

Артымдан ээрчий басып кала берди.

Эстафета жол-жобосун унутпаңыздар…

Баса, эстафета жол-жобосун башында тактап айтып койбой бир аз катачылык кылып коюптурбуз, кечирим сурайбыз. Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз, биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Эми бул тактоолорду сабыр менен кабыл алып, аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Жол-жобо татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ыр окуп видеого тартылып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.

Баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга жазылып коюңуздар, СУРАНЫЧ!

Алдыда, буйруса, акын Эркеайым Боталиеванын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист, акын Атахан Кожогуловдун, опера ырчысы Чынар Амираеванын жана Акбар Жанышбеков, Улугбек Омокеевдин Байдылда атабыздын ырларын окуган ырларын көрүп, уга аласыздар! Обондуу ырларынан ырдаган ырчылар да бар…

Буга чейин каналыбызга чыккандар: ЖК депутаттары Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, акындар Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, ырчы Малик Аликеев, эркин журналист Айчүрөк Борукеева жана айтылуу Ашыраалы Айталиев атабыздын Байдылда атабызга арнаган ыры.

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырын окуп, ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Баардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир мыкты акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.