ИИМ: «Такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоору даярдалды»

ИИМ: «Такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоору даярдалды»

Ички иштер министрлиги (ИИМ) такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендире турган мыйзам долбоору даярдалганын билдирди. Документ коомдук талкуу үчүн Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

ИИМден таксилерди лицензия алууга милдеттендирүүнүн максаты кошумча киреше табуу эмес, коопсуздукту камсыз кылуу экенин белгилешти. Мекеменин маалыматына караганда, лицензиянын баасы жылына 500 сомду түзөт.

Эске сала кетсек, такси айдоочуларына лицензия алуу талабын киргизүү президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда кол койгон жол кырсыктарын азайтуу тууралуу жарлыкта жазылган.

Кийинчерээк ИИМ акыркы жылдары таксисттер катышкан жол кырсыктары көбөйгөндүгүн белгилеп, аны ушундай жол менен тартипке салууну көздөп жатканын билдирген.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, такси айдоочулары ыктыярдуу патент алып иштеши керек. Бирок ИИМдин маалыматына караганда, айдоочулардын көбү патент албайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.