Кыргызстандыктарга пенсиянын топтолгон бөлүгүн ипотека үчүн керектегенге уруксат берилди

Кыргызстандыктарга пенсиянын топтолгон бөлүгүн ипотека үчүн керектегенге уруксат берилди

Өлкө жарандарына пенсиялык топтомдогу акча менен ипотекалык карыздын негизги бөлүгүн же үстөгүн төлөөгө уруксат берилди. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Кеп төркүнү Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду жөнүндө болуп жатат. Бул каражатты пайдалануу үчүн топтолгон сумма 50 миңден кем болбошу абзел. 

Биздин пенсия системабыз, маалыма болгондой, базалык жана топтоочу бөлүктөн турат. Иштеген жарандар жыл сайын маянасынын 10%ын пенсияга которот. Анын 8%ы учурдагы пенсионерлерди каржылоого жумшалат, 2%ы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Ошол фондго кеткен каражат жарандын өзүнүн акчасы болуп саналат. Министрлер кабинети жогоруда айтылган чечими менен дал ушул каражатты ипотека карызын жапканга пайдаланганга уруксат берип отурат.

Маалымат үчүн, бизге топтоо системасы 2010-жылы киргизилген.

Айтмакчы, 2021-жылы коңшу Казакстанда пенсиялык топтомдун бир бөлүгүн турак жай маселесине жана саламаттыкты жакшыртууга керектегенге уруксат берилген. Бирок быйыл апрелден тартып буларга каралган каражатты алуу шарттары татаалдаштырып салышты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.