МАЕК — Геннадий БАЗАРОВ: «Тарыхта калган адамдын атын булгабаганга элимди чакырар элем…»»

МАЕК — Геннадий БАЗАРОВ: «Тарыхта калган адамдын атын булгабаганга элимди чакырар элем…»»

80-жаз

«Кыргыз кино кереметин» жаратуучуларынын бири, мыкты кинорежиссер, III даражадагы Манас орденинин ээси, Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаров 80-жазды тосуп отурат. Залкар кинорежиссер агабыз Нарындын Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында 1942-жылдын 14-майында туулган. Жогорку билимдүү. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктаган.

Алгачкы чыгармачылык иши: «Молитва» (1964) жана «Пауза» (1965) фильмдери. 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасын киного айлантып, кыргыз элине кеңири таанылган. 70-жылдары «Көчө» (1972) жана «Зеница ока» (1976) киносун, 80-жылдары «Биринчи», «Приют для совершеннолетних», «Заговор», «Аномалия», «Каракыз», «Метаморфоза», «Исход», «Жаннат», «Нонсенс», «Ноктюрн», «Солёная долина», «Каныбек»  көркөм тасмаларын тарткан. Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн көптөгөн эл аралык, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

Учурда агабыздын 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар болууда… Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Жалал-Абад, Баткен, Ош шаарларында кино кербени ачылган. Мааракесине карата биз дагы 17 жыл мурунку интервьюсун берип коелу дедик. Анда агабыз 63 жашта экен…

АРХИВден…

Геннадий БАЗАРОВ: «Ата-энем кыпкыргыз. Болгондо да кочкорлук кыргызбыз»

— Геннадий Садырович, атыңыздан уламбы, айтор, сизди «кыргыз эмес» дешет….
— (Күлүп) Менин атам Садыр да, апам Зуура да кыпкыргыз. Болгондо да кочкорлук кыргызбыз. Атам Ат-Башыда райисполкомдун, Жумгалда райкомдун 1-секретары, Нарында керек-жарак союзунун төрагасы болуп, партиянын буйругу менен көп жерде иштеген. Атам жер которо бергендиктен, биз дагы ар кайсы мектептен билим алып калганбыз. Мен көбүнчө Фрунзеде чоңойдум. 10-классты Чаектен бүтүрдүм. Ал эми атымдын Геннадий аталып калышы тууралуу айтсам, атамдын атбашылык Полный деген орус досу болгон экен. Анын Геннадий деген баласы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калыптыр. 1942-жылдын 14-майында “кара кагаз” келип, ыйлап отурушканда, так ошол күнү мен төрөлүп калыпмын. “Бир Генадан ажырасак, Кудай бизге экинчи Генаны тартуулап атат” деп сүйүнүшүп, анын урматына ошол ысымды мага ыйгарышыптыр. Ошондогу ымыркай Геннадий бүгүнкү күндө 63 жашка чыкты.

— Келечекте белгилүү режиссер болом деп ойлодуңуз беле?
— Мурун биз: «Мен чоңойгондо тиги, бу кесиптин ээси болом” деп абдан кыялданчубуз. Ошондон улам го дейм, мен келечекте ким болорумду мектептен эле билгем. Себеби, кичинемден эле сүрөттү жакшы тартчумун. Мектептеги киноафишаларды тартар элем. Ал үчүн киномеханиктин будкасынан кино көргөнгө жолдомо алчумун. Кино көргөн сайын кино операторлукка кызыгуум арта берген… Негизи мен сүрөтчүлүк өнөрдү таятамдан үйрөндүм десем жаңылышпайм. Каникул сайын алардын үйүнө барар элем. Ошондо таятам шырдакка самын менен сонун оймо-чиймелерди тартса, аны кыз-келиндер жөрмөйт эле. Алардын карап, кызыгып, баракка алардын сүрөттөрүн тартчумун.
1959-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, шаарга келип киностудияга кара жумушка орношуп, убакыт өтө ассистент-оператор болуп, кыргыздын биринчи оператору Марлис Туратбеков, Александр Кочетков менен чогуу иштеп жүрдүм. Барган сайын дасыгып отуруп, ассистент-режиссерлукка жеттим. Ошол жылдары “Мосфильмдин” режиссеру Алексей Сахаров бизге келип, “Перевал” деген кинону тарткан. Анан ошого ассистент-режиссер болдум. Анын артынан Лариса Шепитко “Зной” деген фильмди тартканы келип калды, ага классташым Динара Асанова экөөбүз ассистент болдук. 1961-жылы Москвага жөнөп, ВГИКтин режиссерлук факультетине тапшырып, аны 1966-жылы актадым.

Баса, 4-курста окуп жүргөндө “Сыйынуу” деген орус тилинде аңгеме жазгам. Аны Айткул Убукеев кыргызчалап берген. Ошол аңгемемди атактуу, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов байкап калып, “Саманчынын жолу “ деген чыгармасын кино кылып тартканга мага ишенип берген. Эң биринчи сыймыктанып жүргөн ийгилигим ушул эле.

— Баш-аягы канча фильм тарттыңыз?
— 10 көркөм фильм, үч өздүк кыска фильм, сегиз документалдуу фильмим, 4 повестим бар.

— Кино тартып жатып, “Вечерный Бишкек” гезитин рекламасына тартылыпсыз. Ага гонорар жакшы эле алдыңызбы?
— Элдин баары укмуш гонорар алды деп ойлошот экен. Эч кандай гонорар алган эмесмин.
— Чынында эле “Вечерний Бишкекти” окуйсузбу?
— Окуйм, бирок, мурдагыдай кызыктуу материал, макала жок болуп калды. Ал гана эмес, бүт эле гезит кеткен кишини жамандап, келген кишини жактап калышпадыбы. ..

— Кимдер менен доссуз, кимдер менен кассыз?
— Эч качан бирөөнү кас дебеш керек. Бардык адам менен мамиле түзүп коюу зарыл. Себеби эртең эле сага кереги тийет.

Менен жакын досторум бул дүйнөдөн өтүп кетпедиби: Төлөмүш Океев, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов деген кандай мыкты адамдар эле…


— А Болот Шамшиев менен мамилеңиз кандай?
— Жакшы. Экөөбүз жолукканда жалаң кино жөнүндө сүйлөшүп калабыз. Мурда жакшы катташчубуз, азыр сейрек катташып калдык.
— А эмнеге?
— Азыр Бокем саясатчы болуп кетпедиби. А мен болсо саясаттан сырткары адаммын. Мен аны сыйлайм, ал мени сыйлайт.

— Сиздер тарткан кино чынында мыкты. Мага эски кинолор жагат. Сизгечи? Сурайын дегеним, азыр телесериалдар көбөйдү, көрөсүзбү? 
— Көңүл бурбайм, себеби, мага жакпайт! Телесериал элди алаксытуу деп эсептейм. Андан алчу таалим-тарбия жок. Мага да эски кинолор жагат. Ал кинолордо ыймандуулукка чакырчу нерселер көп.
— Жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жөнүндө азыр ар кандай сөздөр жүрүүдө, ушуга көз карашыңыз кандай?

— Мен ошого кейип кетем. Андай залкар адамды билгени деле, билбегени деле жамандаганы бул өтө уят. Негизи кыргызды чет өлкөгө тааныткан ким эле? Ошол киши болчу. Кыргыздандын салт-санаасын, үрп-адатын, турмушун, сүйүүсүн кагазга түшүрүп, китеп кылып, ар кайсы тилге которуп, дүйнөгө эң биринчи тааныткан Чыкем болчу, биз ошону унутпашыбыз керек. Ал кишини урматтап келдикпи, аны урматтап өтүшүбүз зарыл. Бүгүн Чыкемди жамандадык, эртең Төлөгөн Касымбековду, анан Калый Молдобасановду жамандайбыз да. Бирөөгө асылганыбызды токтотпосок, кыргыз өспөйбүз. Ичи тардык, көралбастыкты жоготуу керек! Чыкем залкар адам, чоң тамгалуу инсан. Чыкемдин китептери аркылуу кыргыз экенибизди башка элдер билгенин танбашыбыз зарыл! Тарыхта калган адамдын атын булгабаганга элимди чакырар элем…
— Салт-санаа, үрп-адат деп айтып өттүңүз. Өзүңүз кармайсызбы?
— Албетте! Бир гана куран окубайм, билбейм. Бирок куран билген кишиге окутуп, өтүп кеткен залкар инсандарга, ата-энеме, эжем Марияга багыштап турам. Алардын жакшы жактарын, эмгектерин, жоруктарын эскерүүгө не жетсин! Менин атамдын достору чыгармачыл адамдар болчу. Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Ыбырай Туманов, Муратбек Рыскулов, Райкан Шүкүрбеков, Ысмайыл Борончиев, Мидин Алыбаев, Аалы Токомбаев деген залкар адамдар эле. Мен бул атактуу адамдардын тизесинде отуруп ак баталарын алып калган баламын.

Алар айтып да, иш жүзүндө тарбия-таалимди көрсөтүшчү. 50-жылдардардагы бир окуя эсиме түшүп кетти. Залкар комузчу Карамолдо Орозов Шубин атындагы музыкалык окуу жайда 6-7 жаштагы балдарга комуздан сабак берчү. Мен бир күнү киножурнал тартканы окуу жайга барып калсам, аларга “Сиз” деп атканын көрүп, кандай гана сылык адам деп ичимден суктанган элем. Залкар чыгармачыл инсандардан тарбияны үйрөнгөм, ошолорго таазим кылам жана таазим этип өтөм. Менин айтайын дегеним, азыркы өлүм-житим тойго айланып баратат. 3-4 жылкы союлат, артынан арак ичишет. Арак ичкен жерде куран түшмөк беле? Бул бир. Экинчиден, өтүп кеткен киши унутулуп, бири-бирин “досум” дегенге өтүшөт. Бул туура эмес. Ушул кемчиликти жойсок жакшы болот эле.

— Сынды туура айтат экенсиз. Өзүңүз сынды кандай кабыл аласыз?
— Туура кабыл алам. Кемчиликсиз адам болбойт, ошону сөзсүз бирөө толуктап туруш керек. Канчалык сын уксаң, ошончолук оңолосуң. Менин биринчи сынчым өмүрлүк жубайым Райва. Сценарийимди, повесттеримди окуйт, катасын айтат. Мен Равайга ыраазымын, анткени, чыгармачыл адамдын жары болуу өтө татаал. Бирде үйгө жакшы маанай менен келесиң, бирде жаман дегендей. Ошонун баарын кабак-кашымдан билип турат. Негизи өзү деле чыгармачыл адам. Ал дагы ВГИКти бүткөн. Кинематографист. Мурун ушул киностудияда иштечү, а азыр ПРООНдо иштейт.
— Анда жеңе менен киностудияда таанышкан турбайсызбы? Кечиресиз, экинчи жубайыңыз деп уктук эле…
— Ооба. Биринчи жубайым жазуучу Касымалы Баялиновдун кызы болчу. Андан Алан аттуу уулум бар, Словакияда жашайт. Келинибиз ошол жерден. 7 айлык неберебиз бар.
— Балаңыз келип турабы?
— Ооба, мүмкүнчүлүгүнө жараша келип турушат. Бат-бат үйгө, жумушка телефон чалып турушат.
— Кыздарыңыз менен мамилеси кандай?
— Эң жакшы. Кат жазышып, интернет аркылуу сүйлөшүп турушат. Улуу кызымдын аты Зуура, апамды эстеп жңрөйңн деп энемдин атынан өзүм койгом. Кичүү кызым Айганыш. Уулум мени тартып сүрөтчү болду.

— Жеңебиз тамак-ашты кандай жасайт?
— Баарын жакшы жасайт. Мен дагы даамдуу жасайм. Тамакты аял кылыш керек деп күтүп ачка отура бербейм. Ал үйдө жокто гана ашканага баш багам деп айталбайм. Ал үйдө болуп, бошобой жатса, ага жардамдашып тамак кылам. Пол жууйм, кир жууйм, базарга барам, таштандыларды төгөм. Кыскасы, универсал күйөөмүн. Аял кишини аяп, аны түшүнүү керек. Андыктан ага жардамдашуунун уяты жок.
— 63тө болсоңуз да чачыңыз кара бойдон. “Чачтын агарышы аялдын жаманынан” дешет. Сиз буга кандай карайсыз?
— Бул туура эмес сөз. Чач ар кандай жагдайда агарат. Мисалы, биздин үй-бүлөдө алтымыштан ашкандан кийин гана ак чач аралай баштайт. Бул тукум куучулук да. Аялдан эмес, ойдон. Мени эч ким 63 жашта дебейт, анткени духум жаш.
— Мурда чачыңызды көп байлап жүрчү элеңиз…
— Ар кимдин өзүнүн стили болот эмеспи. Чачымды кыркып, кайра өстүрүп байлоо менин стилим болчу. Өстүрбөй калганыма көп жыл болуп калды.

— Байкашыма караганда, тамекини көп тартат окшойсуз?
— Тамеки тартуу өнөкөткө айланып калгандыктан, качан таштарымды бир Кудай билет. Бир күндө бир пачка тартып коем.
— Ичимдикке кандайсыз?
— Мурда той-топурда көңүл үчүн ичип койчумун. Такыр эле таштап койгонума 20 жыл болду. Азыр кымыз ичем. «Ош базарына» кымыз ичкени көп барам. Сатуучулар менен баарлашып, көп жаңылыкты ошолордон угам.
— Өзүнүзгө кандай мүнөздөмө бере аласыз?
— Эң башкысы амбицияга алдырбайм. Өтө жөнөкөймүн. Адамга адамдай мамиле жасайм.
— Жеңечи?
— Жоош, билимдүү, так, таза адам. Дайыма бири-бирибизди түшүнүп, колдоп келебиз.
— Ошентсе да, пикир келишпестик болсо керек?
— Албетте. Экөөбүз кыйкырышып урушпайбыз. Жөн эле бир нерсени талаша кетебиз. Ар кандай учурда. Бир портретти, пейзажды көрүп калсак, ага тиги бети, мага берки бети жагат дегендей… Көпкө чейин талашып, акыры бир бүтүмгө келебиз да, күлүп калабыз. Ушундай мамиле бизди жакындаштырып турат деп ойлойм.

— Υй-бүлөңүз менен кайсы концерттерге барасыздар?
— Классикалык чыгармаларды угабыз. Карамолдонун (Орозов), Мусанын (Баетов) ырлары жагат. Музыканын ыргактарына эргип отуруп, идея чыгат. Мурунку музыканттар жүрөк ырчысы болчу, азыр эмне, кулак ырчылары… Жаштарыбыз ырдын текстине маани бербей, музыкага эле шалактай беришет. Азыркылар бир куплет ыр жазып коюп, акынмын, бир куплетке обон чыгарып коюп композитормун, бир аз акчасы болсо бизнесменмин, көп сүйлөп койсо саясатчымын дешет. Бул такыр туура эмес. Өзүбүздүн кесипти туура тандабагандыктан, кыргыздар өспөй келатабыз. Мен ошого кейип кетем.
— Эстрада жылдыздарынан кимдер жагат?
— Эч ким. Ал эми башка улуттун ырчыларынан София Ротару жагат. Илгертеден бери эле бир калыпта келатат. Заман өзгөрсө деле, жакшы ырлары менен чыгып, жаштардын жүрөгүнөн орун алып, артта калбай, астыга озбой, мүнөзү, келбети, өзгөрбөй келет. Концертине убакыт болбой, баралбай калбадымбы.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
 “Бишкек таймс”, 2005-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.